2025-жылдын 25-апрелиндеги ийгиликтүү жыйынтыктын натыйжасында Бишкек эл аралык кинофестивалы эл аралык аренада өз ордун таап, Борбор Азиядагы кинематографияны өнүктүрүүдө маанилүү платформага айланды. Бул фестиваль дүйнөнүн булуң-бурчунан келген режиссерлорду, сценаристтерди, продюсерлерди, актерлорду, киносынчыларды жана эксперттерди бириктирип, кесиптик өсүүгө, чыгармачыл кызматташтыкка жана эл аралык байланыштарга шарт түзөт.
Фестивалдын негизги программаларынын бири – эл аралык конкурс жана Борбор Азиялык конкурс. Бул сынактар заманбап кино өнөрүнүн эң таасирдүү, тайманбас жана визуалдык жактан мыкты чыгармаларын сунуштайт.
Быйылкы жылы фестивалда биринчи жолу “Kyrgyz Box” программасы сунушталат. Аталган программа аркылуу улуттук прокатта элдин сүймөнчүгүнө ээ болгон жана рекорд койгон тасмаларды көрүүгө мүмкүнчүлүк болот.
III Бишкек эл аралык кинофестивалынын ардактуу меймандары - Германия жана Франция. 11–15-июнь күндөрү “Француз жана Немис киносунун жумалыгы” өтөт. Анда эки өлкөнүн заманбап жана классикалык тасмаларынан тандалган алты фильм көрсөтүлөт.
Быйыл фестивалдын конокторун мазмундуу программа күтөт:
● Эл аралык жана Борбор Азиялык конкурстар – дүйнөнүн ар тарабынан келген мыкты фильмдер жана аймактык кинематографиянын ачылышы.
● Kyrgyz Box – улуттук прокаттын хит тасмаларын көрсөтүү.
● Ретроспектива – кыргыз кино өнөрүнүн легендасы Төлөмүш Океевдин 90 жылдыгына арналган тасмалар.
● French-German week – кино тарыхына чоң таасир берген эки мамлекеттин маанилүү тасмалары.
● Атайын көрсөтүүлөр – дүйнөнүн ар кайсы бурчунан келген уникалдуу фильмдер.
● Мастер-класстар жана лекциялар – тажрыйбалуу кино адистери менен жолугушуулар жана билим берүүчү сессиялар.
● CAF Pitch – келечектүү долбоорлор үчүн эл аралык эксперттерден колдоо алууга мүмкүнчүлүк берүүчү питчинг-сессия.
● Таратуу Форуму – Борбор Азияда кино таркатууну өнүктүрүүчү туруктуу экосистема.
● Networking Session – кино жаатындагы дүйнөлүк адистер менен жеке жолугушуулар үчүн атайын нетворкинг аянтча.
● Ачылыш жана жабылыш аземдери – көк түстөгү килем “Асман Жолу” жана фестивалдын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи.
III Бишкек эл аралык кинофестивалы – бул жөн гана кинокөрсөтүү эмес, бул диалог аянтчасы, тажрыйба алмашуу жана чыгармачылык өнүгүү мүмкүнчүлүгү. Фестиваль кино индустриясынын кесипкөйлөрүн бириктирип, жаш авторлорго үнүн угузууга, ал эми тажрыйбалуу кинематографисттерге жаңы кызматташтык жолдорун табууга көмөктөшөт. Ошону менен катар маданияттар ортосундагы байланышты бекемдеп, улуттук кинематографияны өнүктүрөт.
Режиссерлорду, продюсерлерди, сынчыларды жана кино искусствосунун баалуулуктарын баалаган көрүүчүлөрдү бул маанилүү окуяга катышууга чакырабыз. Фестивалдын расмий булактарындагы жаңылыктарды акмалап туруңуз.