Бишкекте Улуттук “Эргүү” театр сыйлыгы тапшырылат

Апрель 18, 2025 - 14:57
Апрель 18, 2025 - 21:46
 10
Бишкекте Улуттук “Эргүү” театр сыйлыгы тапшырылат
30-апрелде саат 17:00дө Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында улуттук “Эргүү” театр сыйлыгын тапшыруу аземи өтөт.

Иш-чара өзгөчө форматта өтүп, ага бир катар расмий өкүлдөр жана Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри катышат.

Анда төмөнкү номинациялардын жеңүүчүлөрү аныкталат:

“Эң мыкты спектакль”
“Эң мыкты режиссура”
“Аялзатынын ролун эң мыкты ойногону үчүн”
“Эркектин ролун эң мыкты ойногону үчүн”
“Экинчи пландагы аялзатынын ролун эң мыкты ойногону үчүн”
“Экинчи пландагы эркектин ролун эң мыкты ойногону үчүн”
“Эң мыкты дебют”
“Эң мыкты сценография”
“Эң мыкты музыкалык жасалга”
“Эң мыкты улуттук пьеса”
“Балдар үчүн коюлган эң мыкты спектакль”
“Эң мыкты чет өлкөлүк спектакль”
“Улуттук театр өнөрүнө кошкон өзгөчө салмы үчүн”
“Аймактык театр өнөрүнө кошкон зор салымы үчүн”
“Театр өнөрүнө арналган үзүрлүү эмгеги үчүн”
“Жаштар ойногон эң мыкты спектакль. Кенже эргүү”
“Театр искусствосун массалык-маалымат каражаттарында эң мыкты чагылдыргандыгы үчүн”.

Белгилесек, “Эргүү” улуттук сыйлыгы театр искусствосуна эмгеги сиңген инсандарга (актёр-актриса, режиссёр, декоратор ж.б.) жана жылдын мыкты спектаклдерине ыйгарылып келет.
“Эргүү” театр сыйлыгы 2014-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргызстан театр ишмерлер союзу жана "Айтыш" коомдук фонду менен биргеликте тапшырып келет.