Бишкекте “Улуу-Элес” аттуу биринчи эл аралык балет артисттеринин сынагы жыйынтыкталды

Декабрь 15, 2024 - 15:25
Декабрь 23, 2024 - 15:30
 3
Бишкекте “Улуу-Элес” аттуу биринчи эл аралык балет артисттеринин сынагы жыйынтыкталды
Бишкекте “Улуу-Элес” аттуу биринчи эл аралык балет артисттеринин сынагы жыйынтыкталды
15-декабрда, Бишкекте “Улуу-Элес” аттуу биринчи эл аралык балет артисттеринин сынагы жыйынтыкталды.
Аталган сынак кыргыздын улуу бийчиси жана балетмейстери, Кыргыз Республикасынын эл артисти, СССР Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, профессор Уран Сарбагышевдин 90 жылдыгына карата уюштурулган.
11-15-декабрь аралыгында Кыргыз Республикасынын А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында Кыргызстандын, Россиянын, Казакстаннын, Өзбекстандын, Япониянын жана башка өлкөлөрдүн балет артисттери, хореографиялык окуу жайларынын студенттери жана балетмейстерлери катышып, жыйынтыктоочу этапта бийчилер өз өнөрлөрүн көрсөтүштү.
Сынактын негизги максаты балет өнөрүн өнүктүрүү жана популярдаштыруу, таланттуу аткаруучуларды аныктап, колдоо көрсөтүү, балет артисттеринин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу жана эл аралык маданий байланыштарды бекемдөө.
Сынактын жеңүүчүлөрүнүн тизмеси:
Кичи топ:
1. Батаева Амина Аскаровна (Казакстан) — 80 000 сом, медаль, лауреат;
2. Акматов Алихан Эмильевич (Россия) — 80 000 сом, медаль, Эл аралык сынактын лауреаты;
3. Абылкасенова Акбота Асылхановна (Казакстан) — 70 000 сом, медаль, Эл аралык сынактын лауреаты;
4. Жекшенбаев Мухаммад Али Муратович (Кыргызстан) — 70 000 сом, медаль, Эл аралык сынактын лауреаты;
5. Акын Томирис Мураткызы (Казакстан) — 50 000 сом, медаль, Эл аралык сынактын лауреаты;
6. Накисхождаев Алихан Диазулы (Казакстан) — 50 000 сом, медаль, Эл аралык сынактын лауреаты.
Жогорку топ:
1. Рыжкова Наталья Евгеньевна (Россия) — 100 000 сом, медаль, Эл аралык сынактын лауреаты;
2. Вербовой Богдан Юрьевич (Казакстан) — 100 000 сом, медаль, Эл аралык сынактын лауреаты;
3. Шестакова Дарья Михайловна (Кыргызстан) — 80 000 сом, медаль, Эл аралык сынактын лауреаты;
4. Рахманов Адилжан Нукешович (Кыргызстан) — 80,000 сом, медаль, Эл аралык сынактын лауреаты;
5. Бекболатова Акбота Нурзаткызы (Казакстан) — 70 000 сом, медаль, Эл аралык сынактын лауреаты;
6. Кучкаров Абдугаффор Нодиржонуглы (Өзбекстан) — 70 000 сом, медаль, Эл аралык сынактын лауреаты.
Номерди койгон балетмейстерлерге:
1. Репицына Юлия Олеговна (Россия) — 70 000 сом, медаль, Эл аралык сынактын лауреаты;
2. Белоус Екатерина Андреевна (Кыргызстан) — 60 000 сом, медаль, Эл аралык сынактын лауреаты;
3. Танака Аои (Япония) — 50 000 сом, медаль, Эл аралык сынактын лауреаты.
Атайын сыйлыктар:
1. Бекболатова Акбота Нурзаткызы жана Вербовой Богдан Юрьевич (Казакстан) - Бүбүсара Бейшеналиева жана Уран Сарбагышевдин атындагы "Эң мыкты дуэт" сыйылыгы;
2. Рахманов Адилжан Нукешович (Кыргызстан) - Чолпонбек Базарбаевдин атындагы "Эң мыкты эркек ролун аткаруу" сыйлыгы;
3. Тономура Томока (Япония) - Чолпон Жаманова атындагы "Эң мыкты аял ролун аткаруу" сыйылыгы;
4. Рыжкова Наталья Евгеньевна (Россия) - Махмуд Эсамбаевдин атындагы "Эң мыкты заманбап хореография" сыйылыгы;
5. Кучкаров Абдугаффор Нодиржонуглы (Өзбекстан) - Арстан Ирсалиев атындагы "Көрүүчүлөрдүн сыйлыгы".
Калыстардын курамы:
• Сынактын төрагасы Чокоева Рейна Нурманбетова — Кыргыз Республикасынын эл артисти, СССР Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, профессор;
• Вице-президент Рузиматов Фарух Садуллаевич — Россиянын эл артисти, Варнедеги эл аралык конкурстун лауреаты, Париж академиясы PrixBenois de la Dance сыйлыгынын лауреаты, Санкт-Петербургдун жогорку театралдык сыйлыгы "Алтын Софит" лауреаты;
• Токомбаева Айсулуу Асанбековна — СССР эл артисти, СССР Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты;
• Яценко Анастасия Семеновна — Москва балетинин көркөм жетекчиси, Россиянын эл артисти;
• Ахметов Айдар Мансурович — Москва Мамлекеттик хореографиялык окуу жайынын директору, Татарстан Республикасынын эл артисти.