Бишкекте “XVI КИТЕП FEST – 2025” эл аралык китеп фестивалы өтүүдө

Апрель 23, 2025 - 14:12
Апрель 23, 2025 - 18:00
 15

Бүгүн, 23-апрелде Бишкектеги Курманжан датканын эстелигинин алдында “XVI КИТЕП FEST – 2025” эл аралык китеп фестивалы өтүүдө. Бул маанилүү иш-чара Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына арналып, китеп окуу маданиятын жайылтуу, улуттук китеп басма жетишкендиктерин көрсөтүү жана жаш муунду окууга тартууга багытталган.

Фестиваль Эркиндик бульварында кыргыз элинин өнүгүшүнө салым кошкон көрүнүктүү инсандарды эскерүү менен башталып, Курманжан датканын эстелигинин алдында расмий ачылыш аземи менен уланды.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Гүлбара Абдыкалыкова, Жогорку Кеңештин депутаты, Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы Винера Раимбачаева, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын директору Рахат Керимбаева, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, маданият ишмерлери, акын-жазуучулар жана окурмандар катышты.

Иш-чаранын негизги багыттарынын бири – Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган көргөзмө жана кыргыз тилиндеги алгачкы окуу куралы - “Алиппе (1924–2025)” тууралуу атайын экспозиция болду.

Фестивалдын алкагында “Учурдагы кыргыз китептеринин жана автордук укуктарынын маселелери” деген аталышта илимий-практикалык конференция өтүп, заманбап басма тармагындагы көйгөйлөр жана келечек багыттар талкууланат. Ошондой эле интеллектуалдык менчикти коргоо жана адабий котормолорду өнүктүрүү маселелери каралат.

Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунда белгилүү кыргыз жана россиялык акын-жазуучулар менен чеберчилик сабактары жана экскурсия уюштурулат.

Фестивалдын маданий бөлүгү Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада уланат. Ал жерде “Китеп барактарынын обону” аттуу концерт тартууланат. Кечинде “Ала-Тоо” кинотеатрында акысыз кино көрсөтүлөт.

Бул маданий майрам өлкөнүн бардык аймактарындагы 1000ден ашуун китепканаларды камтыйт. Облустарда акындар менен жолугушуулар, адабий кечелер, поэзия сынактары, театрлаштырылган көрүнүштөр жана окурмандар үчүн кызыктуу иш-чаралар өткөрүлүүдө. Ошондой эле жаштарды илимге, техникага, инженердик кесиптерге, искусствого жана математикага кызыктыруу максатында өлкө боюнча STEAM кербени уюштурулду.

Фестивалдын жүрүшүндө китептерди өздүк нарк баасы менен сатып алуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү.

“XVI КИТЕП FEST – 2025” фестивалынын негизги максаты – Кыргызстанда, өзгөчө балдар жана жаштардын арасында китеп окуу маданиятын өнүктүрүү, Улуу Жеңиштин 80 жылдыгын даңазалоо, авторлордун, басма үйлөрүнүн, китепканачылардын, мугалимдердин жана башкалардын акын-жазуучулардын, жаш жазуучуларды өлкөбүздүн коомдук жана маданий өнүгүүсүнө кошкон чоң салымын белгилөө.