Бүгүн, 13-декабрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов Катар мамлекетинин Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Али Жабир Мухаммад Аль-Гуфран Аль-Марри менен жолугушту.

Декабрь 13, 2023 - 22:26
 0  36

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар алдыдагы иш – чараларды, тактап айтканда, "Катар ЭКСПО-2023"Кыргызстандын улуттук күнүн өткөрүүнү талкуулашты.
Министр сентябрь айында Катарга болгон иш сапарынын жүрүшүндө Катардын маданият министри Шейх Абдулрахман бин Хамад бин Жассим Аль Тани менен жолугушуу болуп, анын жыйынтыгында Улуттук күндөн кийин Доха шаарында Кыргызстандын маданият күндөрүн өткөрүү макулдашылгандыгын маалымдады.
Элчи өз кезегинде жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, Катар эмири Тамим бин Хамад Аль Танинин мамлекеттик сапары учурунда эки элдин маданиятынын оң окшоштугу белгиленгенин, алардын негизинде исламдын негиз салуучу принциптери турганын билдирди.
Ошондой эле элчи Кыргызстандын маданият күндөрүн Катар Мамлекетинде өткөрүү жергиликтүү тургундарга, катар элдери сыяктуу тарыхый маданий салттарын баалаган жана коргогон кыргыздардын бай маданияты менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк берерин белгиледи.
Министр маданий кызматташтыкка колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, министрлик бир гана маданият тармагында эмес, спорт, маалымат, жаштар саясаты жана кинематография жаатында кызматташууга даяр экендигин кошумчалады. Министр ошондой эле Элчини кызматка дайындалышы менен куттуктап, мындан ары да жемиштүү кызматташууга үмүттөнөрүн билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан аркы жемиштүү кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.