Министр Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы элчиси менен жолукту
Бүгүн, 13-декабрында, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Голам Хоссейн Ядегари менен жолукту.
Жолугушууда тараптар эки өлкөнүн кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү үчүн маданият жана искусство, маалымат саясаты, спорт жана жаштар саясаты жаатында тажрыйба алмашуу
зарылдыгын белгилешти.
Министр Алтынбек Максутов идея жана баалуу тажрыйба алмашуу сыяктуу биргелешкен күч-аракеттер эки өлкөнүн ортосундагы интеграциялык байланыштарды кеңейтип, бекемдеп, достук форматындагы мамилелерди курууга көмөктөшүп, эки элдин жакындашуусуна салым кошот деген ишенимин билдирди.
Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө тараптар актуалдуу маселелерди, эки тараптуу кыргыз-иран мамилелеринин абалы жана келечегин, өз ара Маданият күндөрүн жана Кино жумалыктарын өткөрүү, анын ичинде кызматташууну бекемдөөчү биргелешкен кино өндүрүшүнүн мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргыз Республикасы менен Иран Ислам Республикасынын ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүүгө жана өнүктүрүүгө өз ара даяр экендиктерин билдиришти.