Бүгүн, 18-майда Ашхабат шаарында (Түркмөнстан) Махтымкули Фрагинин туулган күнүнүн 300 жылдыгына арналган маданият министрлеринин эл аралык конференциясынын алкагында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу Грузиянын Маданият жана спорт министринин орун басары Иосебым Багатурия менен жолугушту.
Министрдин орун басары Чынгыз Эсенгул уулу эки өлкө ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташуу боюнча ишти активдештирүүгө жана киноискусство жана театрлардын чыгармачыл топторунун алмашуу менен кадамдык аракетти баштоого убакыт келди деп белгиледи.
Өз кезегинде Грузиянын Маданият жана спорт министринин орун басары Иосеб Багатурия бул демилгени колдоп, грузин тарап мындай кадамдарды кубаттай турганын айтты. Ошондой эле ал экономикалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча кыргыз–грузин өкмөттөр аралык комиссиясынын биргелешкен жыйынынын күн тартибине карата сунуштарды даярдоого киришүү керектигин белгиледи.
"Кыргызстан менен Грузиянын ортосундагы маданий-гуманитардык байланыштар эч качан үзүлгөн эмес жана маданият, киноискусство жана спорт тармагындагы биздин заманбап мамилелерибиздин бекем пайдубалын түзөт", - деп билдирди Чыңгыз Эсенгул уулу.