Жамааттык ЖМКлар Бирлиги Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги менен биргеликте мамлекеттик органдардын кызматкерлери үчүн медиа жана маалыматтык сабаттуулук боюнча маалыматтык кампанияны өткөрүп жатат.
Бүгүн 25-сентябрда кампаниянын алкагында Чүй облусунун мамлекеттик органдардын кызматкерлери үчүн Бишкек шаарында мастер-класс өтүлдү. Иш-чарага Чүй облусунун 8 районунан 60га жакын мамлекеттик кызматкерлер катышты.
Иш-чараны Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин Маалыматтык саясат башкармалыгынын кызматкери Осмонбаев Атай ачып берди. Ал өз сөзүндө медиа сабаттуулуктун бүгүнкү коом үчүн өзгөчө маанилүү экенин белгилеп, анын учурдагы талапка айланганын баса белгиледи.
Бул иш-чаралардын негизги максаты – мамлекеттик кызматкерлердин медиа жана маалыматтык сабаттуулук деңгээлин жогорулатуу, сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү, санариптик шылуундарды аныктоо жана аларга каршы туруу, ошондой эле кастык тилине каршы күрөшүү.
Күтүлгөн жыйынтыктар: Мастер-класстар 250-300дөн ашык мамлекеттик кызматкерди камтыйт, алардын ар бири алган билимин кеминде беш кесиптешине жеткирет. Бул сынчыл ой жүгүртүү, медиа сабаттуулук жана санариптик коопсуздук көндүмдөрүн мамлекеттик түзүмдөрдө андан ары жайылтууга өбөлгө түзөт.
Маалыматтык кампания ЮНЕСКО жана БУУӨП менен биргеликте жана БУУнун Тынчтыкты орнотуу фондунун колдоосу менен ишке ашырылып жаткан “Улуттук тынчтыкты орнотуу жана жарандык коомду тартуу боюнча потенциалды бекемдөө” долбоорунун бир бөлүгү катары өткөрүлүүдө. Мындан тышкары, долбоор Европа Биримдиги тарабынан Internews уюму ишке ашырып жаткан “Ишенимдүү окуялар аркылуу аудиториянын туруктуулугун жогорулатуу” (CARAVAN) демилгеси алкагында кошумча каржыланат.