Эртең Кыргыз Республикасынын эл артисти Талгарбек Жакшылыковду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтөт

Март 14, 2024 - 18:45
 0  41
Эртең Кыргыз Республикасынын эл артисти Талгарбек Жакшылыковду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтөт
Көрүнүктүү опера ырчысы, Кыргыз Республикасынын эл артисти Талгарбек Жакшылыков дүйнө салды.
Талгар Жакшылыков 1964-жылы Алматы облусунун Балкаш районундагы Куйган кыштагында туулган.
1984-1986-жылдары Караколдогу Ыбрай Туманов атындагы музыкалык окуу жайында окуган. 1987-жылдан 1993-жылга чейин Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын хорунда ырдаган. 1993-жылы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы музыкалык окуу жайын бүтүргөндөн кийин аталган театрда узак жылдар бою солист катары эмгектенген.
1998-жылдан тарта Кыргыз улуттук консерваториясында иштей баштаган. Жеке ырчылык кафедрасынын улук окутуучусу, доценти болгон.
Талгар Жакшылыков чет элдик, орус жана кыргыз композиторлорунун операларында 40тан ашык ролду ырдаган. 2003-жылы ал эң жогорку баага - Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамына ээ болгон.
Маркумду акыркы узатуу зыйнаты эртең, 15-мартта саат 11:00 Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында өтөт.