Филармонияда “Кош жылдыз” эл аралык музыкалык фестивалы өттү

Сентябрь 28, 2024 - 09:33
Октябрь 2, 2024 - 09:33
 10
Филармонияда “Кош жылдыз” эл аралык музыкалык фестивалы өттү
Филармонияда “Кош жылдыз” эл аралык музыкалык фестивалы өттү
Филармонияда “Кош жылдыз” эл аралык музыкалык фестивалы өттү
Филармонияда “Кош жылдыз” эл аралык музыкалык фестивалы өттү
Филармонияда “Кош жылдыз” эл аралык музыкалык фестивалы өттү
Филармонияда “Кош жылдыз” эл аралык музыкалык фестивалы өттү
Филармонияда “Кош жылдыз” эл аралык музыкалык фестивалы өттү
Филармонияда “Кош жылдыз” эл аралык музыкалык фестивалы өттү
Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын чоң залында бүгүн, 28-сентябрда “Кош жылдыз” долбоорунун финалдык гала-концерти болуп өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Чынгыз Эсенгул уулу, чет өлкөдөн келген жана Кыргызстан эстрада жылдыздары катышты.
Министрдин биринчи орун басары Чынгыз Эсенгул уулу өз сөзүндө “Бул эл аралык фестиваль биздин жалпы аракетибиздин, маданий алмашууга болгон күчтүү каалообуздун жана музыкалык мурастардын ар түрдүүлүгүнө болгон терен, урматтоонун аркасында ишке ашууда! Аталган фестивалга Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан, Россия, Монголиядан музыка ышкыбооздору келишип, мукам үндөрүн, керемет өнөрлөрүн тартуулашып, чыгармачылыгы менен бөлүшүшүп, достук байланыштар түзүлүп бекемделди” -деди.
“Кош жылдыз” долбоору 15-жылдык тарыхында, биринчи жолу — эл аралык “Таланттар таймашы, достуктун майрамы” - аттуу чакырыктын алдында болуп өттү.
Аталган долбоор Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин ар тараптуу колдоосу менен жогорку деңгээлде өткөрүлүп келет.