Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде Кара-Кыргыз автономиялык облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган көргөзмө-сынактын ачылышы болду

Ноябрь 12, 2024 - 15:36
Ноябрь 19, 2024 - 16:11
 41

Бүгүн, 12-ноябрда Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде Кара-Кыргыз автономиялык облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган көргөзмө-сынактын салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Бул маанилүү иш-чарага Кыргызстандын тарыхы жана маданияты менен шыктанган жаш сүрөтчүлөр, кесипкөй чеберлер жана коомчулуктун өкүлдөрү катышты.
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Гүлбара Абдыкалыкова көргөзмөнүн катышуучуларына ыраазычылык билдирип, өлкөнүн маданий мурасын сактоого салым кошуп жаткан чыгармачыл демилгелердин маанисин белгиледи. Өз сөзүндө ал, өзгөчө ушул маанилүү тарыхый жылда, өнөрдү жана жаш таланттарды колдоо Министрликтин негизги багыттарынын бири экенин баса белгиледи.
“Бүгүнкү көргөзмө биздин түпкү тамырларыбызга болгон урмат-сыйыбызды билдирип эле тим болбостон, жаш муунду ата-бабалардын маданиятына урматтоо менен мамиле кылууга шыктандырат. Жаш сүрөтчүлөрдүн өз эмгектери аркылуу мекенине болгон сүйүүсүн жана кыргыз элине болгон сыймыгын чагылдырып жатканын көрүп кубандык”, — деп билдирди министрдин орун басары.
Ошондой эле иш-чарада Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр союзунун төрагасы Жакшыбек Жунушев да сөз сүйлөп, конкурстун катышуучуларынын эмгектерин жогорку баалап, алардын чыгармачылыгы өлкөнүн маданий турмушунда маанилүү роль ойноп, өткөн менен келечекти байланыштырган замандын рухун чагылдырганын белгиледи.
Көргөзмө айдын аягына чейин уланат, жана ар бир келген адам улуттук маданияттын ар түрдүүлүгүн жана кыргыз жаратылышынын өзгөчө кооздугун чагылдырган көркөм чыгармалар менен тааныша алат.
Бул иш-чара Кыргызстандын маданий өзгөчөлүгүн чыңдоого жана өнөрдү жаштар арасында жайылтууга багытталган маанилүү кадам болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги өлкөнүн руханий жана маданий өнүгүшүнө өбөлгө түзүүчү ушул сыяктуу демилгелерге колдоосун улантат.