III Элдик Курултайдын делегаттары жаңыланган А.Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик цирки менен таанышты

Декабрь 19, 2024 - 15:52
Декабрь 23, 2024 - 15:54
 5

Бүгүн, 19-декабрда, III Элдик Курултайдын делегаттары капиталдык оңдоодон өткөн Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин имараты менен таанышты.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Торобаев, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, ошондой эле өлкөнүн бардык аймактарынан келген делегаттар катышты.
Делегаттар жаңыланган цирктин оңдоо иштери менен таанышып, аткарылган иштердин сапатына жогору баа беришти.
Маданият министри өз сөзүндө цирктин жаңылануусу Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун демилгеси менен ишке ашканын баса белгиледи. Ошондой эле, цирктин эл аралык стандарттарга жооп берген заманбап объектке айланганын айтты.
Реконструкциянын негизги жетишкендиктери:
• Электр системаларын жана инженердик коммуникацияларды толугу менен алмаштыруу;
• Пол, шып жана интерьерди толук жаңылоо;
• Заманбап жылытуу жана суу менен камсыздоо системаларын орнотуу;
• Жаныбарларды кармоо үчүн зоналарды, анын ичинде жылкыларды багууга ылайыктуу шарттарды түзүү;
• Артисттер жана техникалык персонал үчүн ыңгайлуу иш бөлмөлөр;
• Эл аралык деңгээлдеги программаларды өткөрүүгө ылайыктуу манежди жаңылоо.
Министр ошондой эле маданият долбоорлорун каржылоону жогорулатуу маселесине токтолду. 2025-жылы маданиятты өнүктүрүүгө бюджеттин көбөйгөнү артисттерди колдоого жана инфратүзүмдү жаңылоого кошумча мүмкүнчүлүктөрдү береерин белгиледи.
Иш-чаранын соңунда көрүүчүлөр үчүн өлкөнүн алдыңкы артисттери катышкан көңүл ачуучу цирк оюндары тартууланды. Көрүүчүлөр Кыргызстан маданиятынын байлыгын жана цирк артисттердин кесипкөйлүгүн чагылдырган уникалдуу номерлерге күбө болушту.