Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунун 50 жылдык мааракеси белгиленди

Ноябрь 4, 2024 - 09:28
Ноябрь 11, 2024 - 09:30
 26
Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунун 50 жылдык мааракеси белгиленди
Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунун 50 жылдык мааракеси белгиленди
Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунун 50 жылдык мааракеси белгиленди
Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунун 50 жылдык мааракеси белгиленди
Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунун 50 жылдык мааракеси белгиленди
Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунун 50 жылдык мааракеси белгиленди
Бүгүн, 4-ноябрь күнү Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт Ордосунун 50 жылдык мааракеси салтанат менен белгиленди. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын Кеңешчиси Медетбек Букуев, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, Жогорку Кеңештин депутаттары жана 1980-жылкы Олимпиаданын чемпиону Каныбек Осмоналиев катышты.
Маданият министри Алтынбек Максутов куттуктоо сөзүндө бардык катышуучуларды спорт ордосунун юбилейи менен куттуктап, төмөнкүлөрдү белгиледи:
"Урматтуу коноктор, спортчулар, спорт ардагерлери жана урматтуу мекендештер!
Бүгүн биз Кыргызстандын спортунун өзөгү болуп эсептелген Спорт ордосунун 50 жылдык мааракесин белгилеп жатабыз. Бул жөн гана имарат эмес, муундарды бириктирген, спортко болгон сүйүүнү ойготкон жана күчтүү мүнөздү тарбиялаган өзгөчө жай. Спорт ордо улуу кыргыз баатыры Каба уулу Кожомкулдун атын алып жүрөт, жана бул жөн жеринен эмес. Кожомкул – күчтүн, эрктүүлүктүн жана туруктуулуктун символу, биз ошол сапаттарды бүгүнкү спортчуларыбыздан көрө алабыз. Анын мурасы бизди күчтүү, биримдиктүү болууга шыктандырат жана кыргыз элинин кайратмандыгынын белгиси болуп саналат.
50 жыл аралыгында Спорт ордобуз көптөгөн чемпиондорго үй болуп, келечектеги жылдыздардын өсүп-өнүгүшүнө шарт түзүп берди. Биз бул ыйык жайды мындан ары да колдоп, спортубуздун өсүп-өнүгүшү үчүн шарттарды түзө беребиз."
Иш-чаранын соңунда спорт ордосунун кызматкерлери ардак грамота жана “Дене тарбиянын отличниги” төш белгилери менен сыйланышты.