“КАЙРА ЖАРАЛУУ” КӨРГӨЗМӨСҮ 11-СЕНТЯБРГА ЧЕЙИН УЛАНАТ

Сентябрь 9, 2025 - 10:51
 14

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 18-декабрындагы №369 “Улутук дем-дүйнөлүк бийиктик” уңгу жолу жөнүндө” Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен Сүрөтчүлөр союзу уюштурган графика боюнча “Кайра жаралуу” долбоору ийгиликтүү ишке ашырылды.
Аталган долбоор үч этап менен 2025-жылдын 15–21-август күндөрү Ысык-Көл облусунда башталып, Бишкек шаарында улантылды. Иш-чарага өлкөнүн бардык аймактарынан жана Бишкек шаарынан жалпысынан 31 сүрөтчү катышты.
Биринчи этап – Каракол шаарында 7 күнгө созулган пленэр өткөрүлдү.
Экинчи этап – Бишкек шаарында 14 күнгө созулган графиканын эстамп (басма графика) техникасындагы иштер жасалды.
Үчүнчү этап – атайын Эл сүрөтчүлөрдөн жана музей өкүлдөрүнөн түзүлгөн комиссия мыкты эмгектерди тандап, 100дөн ашык чыгарма көргөзмөгө коюлду.
Көргөзмө 2025-жылдын 4-сентябрында ачылып, иш-чарага Мадананият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков катышты. Анда Кыргызстандын табияты, улуттук маданий баалуулуктары, каада-салттары, коомдук жана руханий турмушу сүрөтчүлөрдүн чыгармачылык көз карашында чагылдырылды. Бардык эмгектер Маданият министрлигине өткөрүлүп берилди.
Министрлик акыркы жылдары театр, кино, музыка, сүрөт жана башка чыгармачыл уюмдардын идеяларын жана долбоорлорун колдоого алып келет. Акыркы үч жыл ичинде Сүрөтчүлөр союзуна чыгармачылык демилгелерди ишке ашыруу үчүн 20 миллион сомдон ашуун каражат бөлүнгөн.
Алдыда “Кыргыз сүрөт искусствосу этномаданий мейкиндикте” аттуу көргөзмө жана эл аралык конференция өткөрүү пландалууда.