Т. Океев атындагы “Кыргызфильм” улуттук киностудиясы 2026-жылга карата тематикалык планын түзүү максатында кыска жана толук метраждуу ойномо, даректүү тасмалар үчүн сценарийлердин сынагын жарыялайт.Эскертүү: Көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келбеген жана электрондук варианты гана жөнөтүлгөн чыгармалар кабыл алынбайт.
Сынактын жүрүшү жана талаптары:
• Сынакка кино өндүрүшүнүн квалификациялык талаптарына жооп берген жана Кыргыз Республикасында катталган юридикалык жактар (продакшн-студиялар, чыгармачыл бирикмелер ж.б.) катыша алат;
• Бир автордун калемине таандык (оргиналдуу) же башка бир чыгарманын негизинде жазылып, о.э. экинчи авторлор менен биргелешип иштелген, түп нускада авторлордун колу коюлуп, темасы жана форматы талаптарга дал келген чыгармалар кабыл алынат;
• Сценарийлер редакциянын расмий каттоосунан (кабыл алуу жобосуна кол коюу) өткөндөн кийин гана көркөм кеңешке сунушталат.
• Кабыл алынган сценарийлер киностудиянын көркөм кеңешинин кароосунда питчинг форматында каралып тандалат;
• Комиссия (көркөм кеңеш) сценарийлердин авторлору менен кат алышпайт жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзбөйт;
• Конституцияга карама-каршы көз караштар, мамлекеттин бүтүндүгүн бузуу, коопсуздугуна шек келтирүү, социалдык, расалык, улуттук, диний, уруулук темаларында каршылыкты жана зордук-зомбулукту жактоо, үгүттөө сыяктуу көрүнүштөргө ээ чыгармалар автоматтык түрдө сынактан четтетилет.
• Сценардык талаптарга ылайык жазылган сценарийлерди кароодо анын көркөмдүүлүгүнө жана козгогон темасынын актуалдуулугуна көңүл бурулат.
Талап кылынган документтердин тизмеси
Кароого кыргыз тилинде жазылган долбоорлор гана кабыл алынат.
1. Сунуштама (юридикалык жактын атынан)
2. Логлайн - тасманын идеясын камтыган кыскача мазмун.
3. Синопсис – тасманын сюжетин кененирээк ачып көрсөткөн кыскача баяндама (1-2 барак)
4. Сценарийдин түп нускасы (“американка” форматында, шрифти Courıer New pt. 12)
Сценарийдин мукабасында (титульный лист) автор/авторлоштун аты-жөнү, байланыш маалыматтары жазылып, колу коюлушу керек.
5. Режиссер жана сценаристтин фильмографиясы/резюмеси
6. Авторлоштун уруксат каты (Сценарий бир нече кишилер тарабынан же бир адабий чыгарманын негизинде жазылган учурда).
Сунуштамада жазылышы керек болгон кошумча маалыматтар
• Долбоордун жанры
• Тасманын хронометражы
• Аудиториясы (тасманын негизги көрүүчүлөрү)
• Долбоордун болжолдуу сметасы
• Долбоордун максаты (комммерциялык ийгилиги, артхаус, фестивалдарга катышуу ж.б. боюнча)
Сынактын мөөнөтү: 2025-жылдын 10-апрелинде башталып, 2025-жылдын 1-августунда саат 17.00дө токтойт.
Документтерди тапшыруунун формасы
Сценарийлер талап кылынган коштоочу документтер менен бирге 2 нускада кагазга басылган (печатн.) жана эл.вариант түрүндө киностудиянын редакциясы тарабынан гана кабыл алынат.
Долбоорлор төмөндөгү даректер аркылуу кабыл алынат:
• Бишкек шаары, Д.Асанова көчөсү-1, Т.Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясы (2-кабат, редакция).
Эскертүү: Көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келбеген жана электрондук варианты гана жөнөтүлгөн чыгармалар кабыл алынбайт.