Кыргыз делегациясы Түркмөнстандагы маданий иш-чарага катышты

Май 22, 2025 - 23:33
 11
Кыргыз делегациясы Түркмөнстандагы маданий иш-чарага катышты
Кыргыз делегациясы Түркмөнстандагы маданий иш-чарага катышты
Кыргыз делегациясы Түркмөнстандагы маданий иш-чарага катышты
Кыргыз делегациясы Түркмөнстандагы маданий иш-чарага катышты
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы жана Түркмөнстандын Халк Маслахатынын Төрагасы Гурбангулы Бердымухамедовдун чакыруусу менен 2025-жылдын 20-майында Аркадаг шаарында кыргыз делегациясынын катышуусунда этномаданий иш-чара өткөрүлдү.

Делегацияны Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев жетектеди. Делегация курамына кыргыз этноспорт федерациясынын өкүлдөрү, салбуурунчулар (мүнүшкөрлөр, тайганчылар) ошондой эле кесипкөй каскадерлор кирди.
Кыргыз салбуурунчулары кыргыз тайгандары, бүркүт жана шумкарлар менен салттуу аңчылык ыкмаларын жана жаа атуу өнөрүн көрсөтүштү.

Ошондой эле каскадерлор тобу ат үстүндөгү трюктарды, анын ичинде жигитовка өнөрүн жана "Кыз куумай", "Тыйын эңмей" оюнун көрсөтүшүп, түркмөн көрүүчүлөрүнүн кубаттоосуна арзышты. Ал эми түркмөн тараптын каскадёрлор тобу да ахалтеке тукумундагы ат үстүндө өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Иш сапардын алкагында кыргыз делегациясы Аба Аннаев атындагы эл аралык ат спорт академиясына барып, жолугушуу учурунда тараптар ат спортун өнүктүрүү жаатында кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулап, улуттук салттарды сактоо жана даңазалоо боюнча тажрыйба алмашуу, биргелешкен иш-чараларды өткөрүү жана эл аралык этнофестивалдарга катышуу маселелерин сүйлөшүштү.

Аталган иш-чаранын максаты — кыргыз этномаданий жана этноспорттук салттарын эл аралык деңгээлде жайылтуу, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Түркмөнстандын ортосундагы маданий-гуманитардык байланышты чыңдоо болуп саналат.