Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиевдин Нооруз майрамы менен куттуктоосу

Март 21, 2025 - 11:06
 15
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиевдин Нооруз майрамы менен куттуктоосу
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиевдин Нооруз майрамы менен куттуктоосу:

Урматтуу мекендештер!

Кадырлуу Кыргызстандыктар!

Сиздерди байыркы жана жаркын майрамдардын бири – Нооруз менен чын дилимден куттуктайм! Күн менен түндүн теңелген күнүн белгилеген бул улуу майрам жаздын келишин гана эмес, жаңы жылдын башталышын, жаратылыштын жаңылануусун билдирет. Нооруз – бул табият ойгонуп, аны менен бирге жүрөгүбүз ойгонуп, үмүткө, кубанычка, жакшылыкка ишенимге толгон учур.

Эзелтеден кыргыз эли Ноорузду өзгөчө урмат-сый менен тосуп келген. Дасторконго молчулуктун жана бакубаттуулуктун символу болгон улуттук даамдар коюлган. Салтка айланган тамактардын башында берекенин жана ырыскынын белгиси катары сөзсүз түрдө сүмөлөк турчу. Анын жасалышы – үй бүлөлөрдү жана коомду бириктирген өзүнчө бир ырым болгон.

Ал эми мээрим менен даярдалган жыпар жыттуу боорсоктор майрамга өзгөчө көрк кошот.

Нооруз бул жөн гана майрам эмес, адам менен жаратылыштын гармониясынын терең философиялык символу. Ал бизди жашоонун ар бир көз ирмемин баалоого, ата-бабалардын салтын урматтоого жана жаратмандыкка умтулууга үйрөтөт. Ноорузда жүрөгүбүз бизди курчап турган нерселер үчүн ыраазычылыкка толот.

Чын дилимден сиздерге чың ден соолук, бакыт-таалай каалайм. Үй-бүлөңүздөрдө сүйүү жана ынтымак болсун.
Ал эми сүйүктүү Кыргызстаныбыз өзүнүн кайталангыс салттарын, маданиятын сактап, мындан ары да өнүгүп өсө берсин.

Нооруз майрамыңыздар кут болсун!