Бүгүн Кыргызстан боюнча Комуз күнү майрамдалууда. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине караштуу балдар музыкалык жана искусство мектептери, ошондой эле жергиликтүү маданият бөлүмдөрү бул күнү концерттик программалар жана майрамдык иш-чараларды өткөрүшүүдө.
Талас, Нарын, Ысык-Көл, Ош, Баткен, Жалал-Абад жана Чүй облусундагы ондогон мектептерде жана маданий жайларда комузчулардын чыгыштары, фольклордук ансамблдердин концерттери, элдик күүлөр жаңырып, улуттук аспабыз ардакталды.
Жайыл, Жумгал, Каракол, Кара-Суу, Өзгөн, Кызыл-Кыя, Аксы, Кадамжай өңдүү аймактарда чоң салтанаттар өтүп, жаш муунга комуздун мурастуулугу жана улуттук руху таанытылды.
Комуз күнү – кыргыз элинин маданий биримдигин жана улуттук мурастын улуулугун даңазалаган маанилүү майрам.