Кыргызстан менен Казакстандын театр чөйрөсүндө кызматташтыгы кеңейүүдө

Апрель 7, 2025 - 18:29
 109

2025-жылдын апрель айында театр ишмердүүлүгүн жана маданият менен чыгармачылык жаатындагы эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн алкагында, Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрынын директору У.М. Маратов Казакстан Республикасынын Астана акимчилигинин “Жастар театры” мамлекеттик мекемесинин, Сакен Сейфуллин атындагы Караганды облустук академиялык казак драма театрынын, Алматы шаарынын Маданият башкармалыгынын Мамлекеттик куурчак театры мамлекеттик мекемесинин директорлору менен өз ара кызматташуу жөнүндө меморандумдарга кол койду.

Бул меморандумдар эки өлкөнүн маданий байланыштарын бекемдөөгө, чыгармачыл жамааттардын тажрыйба алмашуусуна, эл аралык театралдык фестивалдарды өткөрүүгө ошондой эле театр искусствосун өнүктүрүүгө багытталган. Ошондой эле, кызматташтыктын алкагында гастролдорду уюштуруу, мастер-класстарды өткөрүү, чыгармачылык алаканы бекемдөө жана кадрларды даярдоодо биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу пландалууда.

Мындай меморандумдар Кыргызстандын театр искусствосунун эл аралык деңгээлде таанылышына өбөлгө түзүп, жаштардын чыгармачылыгын колдоого жана улуттук маданиятты жайылтууга өбөлгө түзөт.