Кыргызстандын көк бөрү боюнча курама командасы V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын чемпиону аталды

Сентябрь 13, 2024 - 14:14
 10

Бүгүн, 12-сентябрда Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында көк бөрү боюнча финалдык беттештер аяктады.
Оюндарда Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, Казакстан Республикасынын туризм жана спорт министри Ербол Мырзабосынов катышты.
Финалда Кыргызстан менен Казакстан курама командалары кез келип, 10:4 эсебинде Кыргызстан жеңишке жетти. Жыйынтыгында Кыргызстандын көкбөрүчүлөрү V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын чемпиону аталды.
Ошондой эле, жер улак (көк пар) боюнча курама команда күмүш медалдын ээси болду. Алар финалдык оюнда Казакстандын курама командасына командасына 4:5 эсебине жеңилип, экинчи орунду камсыздай алышты.