Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасына желек тапшыруу аземи өттү

Март 9, 2024 - 18:08
Март 10, 2024 - 18:09
 0  45
Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасына желек тапшыруу аземи өттү
Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасына желек тапшыруу аземи өттү
Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасына желек тапшыруу аземи өттү
Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасына желек тапшыруу аземи өттү
10-16-март күндөрү Кыргызстанда экинчи жолу хоккей боюнча дүйнө чемпионаты өтөт.
Ага карата, бүгүн 9-мартта Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов Кыргызстандын Хоккей боюнча курама командасын кабыл алып, команданын капитаны Кузьма Терентьевге мамлекеттик желекти тапшырды.
Алтынбек Максутов 10-16 март күндөрү өтө турган иш-чара хоккейчилер жана хоккей сүйүүчүлөр үчүн чоң майрам экенин белгилеп, оюнчуларга ийгилик жана жеңиш каалап, жакынкы келечекте жогорку лигада ойногон мамлекеттердин катарын толуктап, кыргыз хоккейнин тарыхын жаңылайсыздар -деген ишенимин билдирди.
Белгилесек, Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы III дивизиондун "А" тайпасында ойношот, бул II дивизиондун "В" тайпасына өтүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Кыргызстан, Мексика, Түркмөнстан, Түштүк Африка Республикасы, Таиланд жана Люксембургдун командалары беттеше турган турнир “Бишкек Арена” шаардык муз тебүүчү аянтчада болот.