Маданият министри Алтынбек Максутов "Россия" жана "Ала-Тоо" кинотеатрларына барды
22-январда Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов Бишкектеги "Россия" жана "Ала-Тоо" кинотеатрларына барды.
Алгач кинотеатрлардын учурдагы сырткы жана ички келбетине өзгөчө көңүл бурду. Эки имараттын тең маданий-тарыхый маанисин сактоо менен бирге заманбап стандарттарга жооп бериши керектигин белгиледи.
""Россия" жана "Ала-Тоо" кинотеатрлары биздин борбордун маданий жашоосунда маанилүү орунду ээлейт. Алар функционалдуу гана эмес, ошондой эле коноктор үчүн ыңгайлуу дагы болушу шарт", — деп белгиледи министр.
Жыйынтыгында Алтынбек Максутов кинотеатр жетекчилерине бир катар тапшырмаларды берди. Атап айтканда төмөнкүлөргө көңүл бурууну талап кылды:
• Имараттардын сырткы жана ички келбетин жакшыртуу жана косметикалык оңдоо иштерин жүргүзүү;
• Жылытуу, жарыктандыруу жана желдетүү системаларын жаңылоо;
• Көрүүчүлөр жана кызматкерлер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү.
Министр ошондой эле бул иш-чараларды чечүүнүн зарылчылыгын белгилеп, маданий объекттер мүмкүн болушунча кыска убакытта нормага келтирилиши керектигин айтты. Министрликке караштуу Кино департаментинин жетекчилигине деталдуу планын иштеп чыгып, аны жакын арада ишке ашыруусун тапшырды.
"Бул кинотеатрлар биздин маданий мурастарыбыздын ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Биз аларды келечек муундар үчүн сактап, жаңылоо үчүн бардык күч-аракетибизди жумшайбыз", — деп билдирди Алтынбек Максутов.