Маданият министрлиги ведомстволук уюмдарынын кызматкерлери арасында кичи-футбол боюнча турнир өткөрдү

Ноябрь 8, 2024 - 10:19
Ноябрь 11, 2024 - 10:20
 20

Бүгүн, 8-ноябрда Бишкек шаарындагы “Газпром — балдарга” ден соолукту чыңдоочу комплексинде Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу уюмдардын кызматкерлери арасында кичи-футбол боюнча “Министрдин Кубогу” турнири өттү. Турнир 2-ноябрда белгиленген Маданият кызматкерлеринин күнүнө карата уюштурулду.
Мелдешке маданият жана спорт тармагындагы ар кандай мекемелердин атынан сегиз команда катышты: Дене тарбия жана спорт департаменти, Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын кызматкерлери, Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университети, Б. Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театры, Бишкек шаардык драма театры, ошондой эле Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын солисттери жана режиссерлору, Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры жана Маданият министрлигинин командасы.
Турнирдин уюштуруучусу Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги болду. Мелдештин жыйынтыгы боюнча командалар төмөнкүдөй орундарды ээледи:
• 1-орун – Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын командасы;
• 2-орун – Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин командасы;
• 3-орун – Дене тарбия жана спорт департаментинин командасы.
Турнирдин жүрүшүндө өзгөчө номинациялар боюнча мыкты оюнчулар аныкталды:
• Мыкты оюнчу – Арсен Максатбеков (Бишкек шаардык драма театры);
• Мыкты бомбардир – Абил Байгазиев (Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы);
• Мыкты дарбазачы – Жандос Сабырбеков (Дене тарбия жана спорт департаменти).
Турнирдин жеңүүчүлөрүнө жана сыйлык ээлерине кубоктор, дипломдор жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.