Кыргыз Республикасы жаштардын глобалдык “Hope Network” түйүнүн түзүү иш-чарасына катышты

Ноябрь 7, 2024 - 09:52
Ноябрь 11, 2024 - 09:54
 19
Кыргыз Республикасы жаштардын глобалдык “Hope Network” түйүнүн түзүү иш-чарасына катышты
2024-жылдын 6-7-ноябрында Бахрейн Падышалыгында жаштардын атаандаштык жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүүгө багытталган “Hope Network” глобалдык түйүнүнүн ачылыш аземи болуп өттү. Бул маанилүү иш-чарага дүйнөнүн 30дан ашуун өлкөсүнөн өкүлдөр чогулуп, алардын арасында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин делегациясы да бул эл аралык демилгени колдоп, активдүү катышты.
“Hope Network” жаштарга үмүт берип, алардын укуктарын кеңейтүүгө жана мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууга багытталган эл аралык аянтча түзүүнү көздөйт. Глобалдык чакырыктар шартында бул долбоор жаштардын аракетин жана максаттарын колдоп, жалпы жакшы келечекке умтулууга шыктандыра турган жагымдуу чөйрө түзөт.
Долбоордун ачылышында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлү Талас Алыбаев “Hope Network” долбоорунун маанилүүлүгүн белгилеп: “Бул долбоор жаштар саясаты тармагында мыкты тажрыйбаларды алмашуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Биз биргелешкен аракеттер жаштарга өз потенциалын ишке ашырууга жана өз өлкөлөрүндө оң өзгөрүүлөргө активдүү катышууга шарт түзөт деп ишенебиз”, — деп билдирди.
Глобалдык “Hope Network” түйүнү оптимизм, келечекке ишеним жана дүйнөлүк көйгөйлөрдү биргеликте чечүү максатын алдыга коёт. Атайын көңүл жаштарга колдоо көрсөтүү жана алардын максаттарына жетүү, ошондой эле жеке жана кесиптик жактан өсүүгө тоскоол болгон кыйынчылыктарды жеңүүгө жардам берүүчү программаларды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга бурулат.