"Манас" театрында "Жер эне" форуму болуп өттү

Май 7, 2025 - 15:52
Май 8, 2025 - 14:07
 11

Бүгүн, 7-майда Кыргыз улуттук "Манас" театрында "Улуттук дем – дүйнөлүк уңгу жол" аттуу жарлыкты ишке ашырууга багытталган "Жер эне" форуму өттү.

Форумга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев, белгилүү окумуштуулар, маданият ишмерлери, "Манас" театрынын өнөрпоздору жана өлкөнүн бардык аймактарынан келген ардактуу апалар катышты.

Маданият министри Мирбек Мамбеталиев: "Бүгүн биз улуттук идеологияны чыңдоону, ата-бабадан келе жаткан улуу уңгужолдун уланышын максат кылган, жалпы дүйнөнү тынчтыкка чакырган, барын өз кучагына алып, барына чыдап, барын бирдей көтөргөн жер энени улуктаган, турмуш түркүгү, ааламдын ажары болгон жалпы аялзатынын башын бириктирген, “Жер-Эне – Матери мира” Биринчи дүйнөлүк аялзаадалар форумуна күбө болуп турабыз. Адам баласынын уюткусу болгон жалпы аялзатынын башын бириктирген мындай иш-чаралар көп-көп болуп турушуна жана анын алкагынын кеңейишине тилектештигимди билдирем" - деди өз сөзүндө.

Иш-чаранын жүрүшүндө улуттук өзгөчөлүктөрдү сактоо, эне-жерге болгон терең ызат-сый, руханий жана жан дүйнө тазалыгынын мааниси тууралуу баяндамалар жасалып, маданий программалар тартууланды.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы № 369 Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын “Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктик” уңгужол идеологиялык документи бекитилген.