МинКаб төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов иш сапары менен Ош шаарына барды

Апрель 20, 2025 - 08:55
Апрель 20, 2025 - 16:52
 10

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов иш сапары менен Ош шаарына барды.

Иш сапардын алкагында, 19-апрелде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов Токтогүл эс алуу багында жайгашкан жайкы театр аянтчасында Ош шаарынын жаштары менен жолукту.

Иш-чарага Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков, Ош шаарынын вице-мэри Салтанат Аманова, шаардык кеңештин жаш депутаттары, жигердүү жаштар катышып, жаштардын бүгүнкүсү жана эртеңки келечеги тууралуу кенен суроо-жооп форматында талкуу уюштурулду.

Иш сапар “Сулайман-Тоо” улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин ишмердүүлүгү менен таанышуу менен уланды.

Комплекстин жетекчиси М. Апарханов мекеме тарабынан жасалып жаткан иш-аракеттер, жетишкендиктер жана көйгөйлөр тууралуу презентация жасады. Жыйындын соңунда Сулайман-Тоонун тегерегиндеги талаштуу жерлерди тактоо, өрт коопсуздугу сактоо, тейлөөнүн сапатын жакшыртуу маселелери боюнча сөз болду.

Андан кийин Эдиль Байсалов “Кыргызстан” кинотеатрынын абалы менен таанышты.

Мекеменин имараты авариялык абалда тургандыгына байланыштуу тиешелүү иш-чараларды жүргүзүү зарыл экендигин белгиледи.

Иш сапардын жыйынтыгында социалдык-маданий мекемелер боюнча протоколдук тапшырмалар берилди.