3-августта Парижде өтүп жаткан Олимп оюндарында суучул Елизавета Печерских менен боксчу Мунарбек Сейитбек уулу мелдешке чыгат.
Елизавета Печерских сууда сүзүү боюнча 50 метр аралыктагы жарышка эркин стилде катышат.
Ал
эми бокс боюнча спортчу Мунарбек Сейитбек уулу (57 кг) Жамал Харви аттуу америкалык спортчу менен күч сынашат. Буга чейин кыргызстандык спортчу биринчи беттешин 1/8 финалдык баскычтан баштап, анда кубалык Орта Родригес дель Рей Сайдель Иванды жеңип чейрек финалга чыккан.
Елизавета Печерских (сууда сүзүү)
15:00 – эркин стилинде 50 метр аралыкка жарыш
Мунарбек Сейитбек уулу (бокс, 57 кг)
Мунарбек Сейитбек уулу (Кыргызстан) - Жамал Харви (АКШ).