ОШ ШААРЫНДА ТЕАТР ФЕСТИВАЛЫ ӨТҮП, СПЕКТАКЛДЕР АКЫСЫЗ КОЮЛАТ

Сентябрь 17, 2025 - 12:41
 12
ОШ ШААРЫНДА ТЕАТР ФЕСТИВАЛЫ ӨТҮП, СПЕКТАКЛДЕР АКЫСЫЗ КОЮЛАТ
ОШ ШААРЫНДА ТЕАТР ФЕСТИВАЛЫ ӨТҮП, СПЕКТАКЛДЕР АКЫСЫЗ КОЮЛАТ
ОШ ШААРЫНДА ТЕАТР ФЕСТИВАЛЫ ӨТҮП, СПЕКТАКЛДЕР АКЫСЫЗ КОЮЛАТ
ОШ ШААРЫНДА ТЕАТР ФЕСТИВАЛЫ ӨТҮП, СПЕКТАКЛДЕР АКЫСЫЗ КОЮЛАТ
“Кабар” агенттигинде 15-20-сентябрь күндөрү Ош шаарында өтө турган XIII Республикалык театр фестивалы тууралуу маалымат жыйын өттү. Ага Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков, Искусство жана билим берүү бөлүмүнүн башчысы Акжол Дооранбек уулу жана Жаныш Кулмамбетов катышты.
Министрдин биринчи орун басары “Фестиваль өзү 2007-жылдан тарта өткөрүлүп келет. Бирок ортодон пандемияга байланыштуу убактылуу токтоп калган. Быйыл эми кайрадан жанданып, Ош шаарында өтүү алдында турат.
С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында 16-сентябрь күнү саат 16:00дө ачылыш аземи өтүп, күнүнө экиден-үчтөн спектакль көрүүчүлөргө тартууланып турат.
Ага өлкөдөгү республикалык, облустук жана райондук деңгээлдеги бардык театрлар катышат. Катышуучу курам 229 адамды түзүүдө. Министрлик тарабынан уюштуруу комитети, анын ичинде эң мыкты спектаклдерди тандап ала турчу калыстар тобунун курамы түзүлдү.
Театр бул жөн гана искусство эмес, коомчулукта болуп жаткан көйгөйлөрдү айтып, алардын чечүү жолдорун сунуштай турган чыгармачыл аянтча болуп саналат. Учурдан пайдаланып, жалпы элибизди, өзгөчө жаштарды фестивалга чакырабыз”-деди ал.
Театр фестивалы Улуу Жеңиштин 80 жылдыгы жана Кыргыз ССРнин эл артисти С. Андабековдун 100 жылдыгына карата өткөрүлөт. Ал эми спектаклдерге кирүү акысыз!