Президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен жарык көргөн китептер аймактагы китепканаларга жеткирилүүдө

Июль 6, 2024 - 19:17
 49
Президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен жарык көргөн китептер аймактагы китепканаларга жеткирилүүдө
Быйыл Кыргыз Республикасынын Президентинин колдоосу менен кыргыз тилиндеги китептер басылып чыгып, Маданият министрлги тарабынан аймактагы китепканаларга жеткирилүүдө. Мындан улам, китепканалар окурмандарды тартуу менен алектенип, калк өзүнүн бош убактысын өткөрө турган заманбап борбор катары түзүлүшү керек. Эски системадан арылуу талабы коюлат. Китепканачы өз иши менен алектенип, аймактагы билим берүү борборунун бири катары кызмат кылышы зарыл.
Жакында эле аймактарга таратылган китептердин арасында проза, поэзия, повесть, эссе, балдар адабияты, дүйнөлүк адабияттын мыкты чыгармаларынын котормолору бар. Китептер Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгын утурлай жарык көргөн.