Россияда Кыргызстандын маданият күндөрү: Кыргыз студиясы Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде спектакли коюлду

Октябрь 21, 2024 - 15:41
Октябрь 25, 2024 - 15:44
 18

Бүгүн Россиянын Мамлекеттик академиялык Кичи театрынын алдындагы М.С. Щепкин атындагы Жогорку театралдык окуу жайында Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде Кыргыз студиясынын спектакли көрсөтүлдү. Бул иш-чара Россияда өткөн Кыргызстандын маданият күндөрүнүн алкагында өттү.
Спектаклдин ардактуу коногу Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Тимурлан Ажымалиев болду. Ал Кыргыз студиясынын студенттеринин чеберчилигин жана талантын жогору баалап, алардын Кыргызстандын маданий мурасын сактоо жана жайылтуу боюнча кошуп жаткан салымын баалады. Министрдин орун басары өз сөзүндө студенттерге жана окутуучуларга жогорку деңгээлде коюлган спектакль үчүн ыраазычылыгын билдирип, алардын иши эки өлкөнүн ортосундагы маданий алмашуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Спектаклдин жүрүшүндө сахнада Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынан негизги учурлар көрсөтүлүп, көрүүчүлөргө Кыргызстандын улуу жазуучусунун чыгармачылык дүйнөсүн дагы бир ирет ачканга мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Ошондой эле, Тимурлан Ажымалиев окуу жайдын ректору Борис Любимов менен жолугушуп, кыргыз студенттерин окутуу жана Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы маданий байланыштарды чыңдоо багытында мындан аркы кызматташуунун келечеги талкуулашты.