Суроо-Жооп

Июнь 27, 2023 - 16:40
Июнь 27, 2024 - 18:40
 86
Биринчи категориядагы ардак наамдар
15 / 15

15. Биринчи категориядагы ардак наамдар

Биринчи категориядагы ардак наамдар

 

1.    “Кыргыз Республикасынын эл артисти”ардак наамы жалпы элдик таанылууга ээ болгон мыкты көркөм образдарды, спектаклдерди, телеспектаклдерди, телефильмдерди, кинофильмдерди, концерттик, эстрадалык, цирк программаларын, музыкалык, телеберүү жана радио чыгармаларын жараткан артисттерге, музыкалык аткаруучуларга, композиторлорго, дирижерлорго, режиссерлорго, хормейстерлерге, балетмейстерлерге, төкмө акындарга, музыкалык, хор, хореографиялык жана башка жамааттардын көркөм жетекчилерине ыйгарылат.

2.    “Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу”ардак наамы ата мекендик адабиятты өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн, ата мекендик адабиятка көрүнүктүү салым кошкон жана жалпы элдик таанылууга ээ болгон көрүнүктүү көркөм чыгарма жаратканы үчүн жазуучуларга ыйгарылат.

3.    “Кыргыз Республикасынын эл акыны”ардак наамы акындык чыгармачылыкты өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн, ата мекендик адабиятка көрүнүктүү салым кошкон жана жалпы элдик таанылууга ээ болгон көрүнүктүү көркөм чыгарма жаратканы үчүн акындарга ыйгарылат.

4.    “Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү”ардак наамы живопистин, скульптуранын, графиканын, монументалдык, декоративдүү-колдонмо искусствонун жалпы элдик таанылууга ээ болгон көрүнүктүү чыгармаларын жараткан сүрөтчүлөргө ыйгарылат.

Кыргыз Республикасынын ардак наамына татыктуу болгондорго Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан белгиленген үлгүдөгү төш белги тапшырылат. Төш белги төштүн оң тарабына, Кыргыз Республикасынын башка төш белгилеринин алдына тагылат.

Кыргыз Республикасынын биринчи категориядагы ардак наамдарына төш белгиси эки бөлүктөн – бири-бири менен көзөнөктүн жана шакекченин жардамы менен бириккен беш бурчтуу калыптан жана диаметри 27 мм асмадан турат. Алтын жалатылган колодон жасалган түз формалуу калып штамповка ыкмасы менен жасалган, 26 мм х 17 мм өлчөмдөгү калыптын алдыңкы бети кызыл түстөгү эмаль менен жабылган. Калыптын төмөнкү бөлүгүндө рельефтүү кыргыз оюму жайгашкан. Асма алтын жалатылган күмүштөн жасалган, асманын өйдөңкү бөлүгүндө рельефтүү Мамлекеттик туунун (күндүн нурунун кыйылуусундагы түндүктүн стилдештирилген сүрөтү) элементи жайгашкан. Ортоңку бөлүгүндө рельефтүү “Кыргыз Республикасы” деген жазуу турат. Асманын чет жактарында ардактын жана даңктын символу болгон лавр бутактарынын рельефтүү сүрөтү түшүрүлгөн. Асманын арткы бетинде катар номери чегип жазылган, ал эми калыптын арткы бетинде төөнөгүч түрүндөгү илгич бар.