Суроо-Жооп

Июнь 27, 2023 - 16:40
Июнь 27, 2024 - 18:40
 86
“Даңк” медалы
14 / 15

14. “Даңк” медалы

“Даңк” медалы

 

«Даңк» медалы менен жактар мамлекеттик же коомдук иштеги, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы, өндүрүштүк, илимий-техникалык, чыгармачыл, тарбиялык, коомдук жана кайрымдуулук иштердеги өзгөчө эмгеги үчүн сыйланышат.

«Даңк» медалы төштүн сол тарабына, «Эрдик» медалынан кийин тагылат. Медаль эки бөлүктөн – күмүш калыптан жана диаметри 32 миллиметр болгон айланадан турат: алар бири-бири менен айланага терең отургузулган өзгөчө байламта системасы менен бириккен. Калыпта даңктын символу болгон кайчылаштырылган эки лавр бутагы, анын үстүндө ысык ыкма менен жабылган кызыл эмалдуу эки тик бурчтук тартылган.

Айлана адаттан тышкаркы ыкма менен жасалган: анын чок ортосунда жана жээктеринде көзөнөктөр бар, алар аны жеңил сыяктуу көрсөтүп турат. Айлананын ортосунан төмөн жакта “Даңк” деген  жазуу бар, борбордон эки жакты карай кыргыздын улуттук оюмдарынын элементтери жайгаштырылган.  Калыптын арткы бетинде төөнөгүч түрүндө илгич, ал эми медалдын арткы бетинде номери чегип жазылган.