Суроо-Жооп

Июнь 27, 2023 - 16:40
Июнь 27, 2024 - 18:40
 86
“Даңк” ордени
13 / 15

13. “Даңк” ордени

“Даңк” ордени

 

“Даңк” ордени менен:

– мамлекеттин жана коомдун алдында, Кыргыз Республикасынын эркиндиги, көз карандысыздыгы жана гүлдөп-өнүгүүсүнүн атынан жасалган эрдигине байланышкан өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн;

– Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүү жана элдин бакубаттыгынын деңгээлдерин жогорулатууга, тынчтыкты жана туруктуулукту сактоого шарт түзүүчү сиңирген эмгеги үчүн;

– илим, билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагындагы сиңирген кызматы үчүн;

– мамлекеттик, кайрымдуулук жана коомдук ишмердиги тармагындагы, мыйзамдуулукту, укук тартибин, коопсуздукту жана өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн бекемдөө тармагындагы сиңирген кызматы үчүн;

– улуттук маданиятты, искусствону, тарыхты сактоого, жайылтууга жана өнүктүрүүгө жана өсүп келе жаткан муунду мекенчилдик тарбиялоого кошкон салымы үчүн;

– спортту жайылтуудагы, колдоодогу жана популярлаштыруудагы сиңирген эмгектери үчүн сыйланышат.

“Даңк” ордени төштүн сол тарабында “Данакер” орденинен кийин тагылат.

“Даңк” ордени күмүштөн жасалат жана улуттук оюмдун рельефтик сүрөтү бар салтанаттын символун билдирген туура күмүш пластинанын фонундагы сегиз бурчтуу жылдыз болот. Карама-каршы жаткан учтарынын ортосундагы жылдыздын өлчөмү 55 мм.

Ордендин ортоңку бөлүгүндө сол тарабынан лавр жалбырагынан жана оң тарабынан арчадан жасалган, алтын менен капталган венок түрүндө айлана жайгашкан. Лавр жалбырагы атак жана даңкты, ал эми арча түбөлүктүүлүктү түшүндүрөт. Айлананын ортосунда “Даңк” деген жазуусу бар. Жазуунун үстүңкү жана төмөн жагында улуттук оюм жайгашкан. Жазуу жана улуттук оюмдун элементтери дөмпөйтүлгөн, түстүү эмаль менен жасалган кочкул кызыл фондо жайгашкан. Ордендин арткы бетинин төмөнкү бөлүгүндө катар номери жайгашкан. Төөнөгүч түрүндө таккычы бар.