Суроо-Жооп

Июнь 27, 2023 - 16:40
Июнь 27, 2024 - 18:40
 86
“Данакер” ордени
12 / 15

12. “Данакер” ордени

“Данакер” ордени

 

“Данакер” ордени менен элдердин ортосундагы тынчтыкты, достукту жана кызматташтыкты чыңдоого кошкон зор салымы, улуттар аралык ынтымакты сактоо боюнча өзгөчө үзүрлүү иши, өлкө илимин жана экономикалык потенциалын өнүктүрүүгө кошкон салымы, улуттук маданияттарды жакындатуу жана өз ара байытуу, мамлекеттер ортосундагы достук мамилелерди бекемдөө боюнча жигердүү ишмердиги үчүн жактар сыйланышат.

“Данакер” ордени төштүн сол тарабында “Курманжан Датка” орденинен кийин тагылат.

“Данакер” ордени күмүштөн жасалат жана диаметри 42 мм болгон, бирдей чыгып турган кырк шоолалуу жылдыз түрүндө болот. Жылдыздын шоолаларына алтын жалатылган.

Ордендин алдыңкы бетинде көк тегерек элементтери менен кыргыздын улуттук оюмунун рельефтик сүрөтү бар, ал ысык эмаль методу менен жасалат. Айлананын диаметри 30 мм. Айлананын периметринде жылдыздын шоолалары менен айкалышкан 40 жарым сфера бар.

Айлананын ортосуна диаметри 16 мм болгон каптама жайгашкан, ал ысык эмаль методу менен жасалган көк эмаль менен капталган, анда жер шаарынын меридиандарынын символун билдирген жарым айлана түрүндө ичке тосмо сызыктар бар. Каптаманын борборунда рельефтик “Данакер” деген жазуу жайгашкан. Жазуунун үстү жана асты жагында айлананын вертикаль огу боюнча рельефтик түрдөгү жылдыздар жайгашкан. Каптама күмүштөн жасалат. Каптаманын кырларына, ичке тосмо сызыктарга жана жылдыздарга алтын жалатылган.

Ордендин арткы бетине алтын жалатылат, төмөн жагына ордендин номери чегилет.

“Данакер” ордени көзөнөк жана звено аркылуу өлчөмү 28 мм х 42 мм болгон тик бурчтуу металл калыпка бириктирилет. Ал өлчөмү 33 мм х 23 мм болгон көк муар тасмасын керүү үчүн негиз болот. Калыптын арткы бетинде орденди кийимге тагуу үчүн төөнөгүч бар.