Суроо-Жооп

Июнь 27, 2023 - 16:40
Июнь 27, 2024 - 18:40
 86
“Достук” ордени
11 / 15

11. “Достук” ордени

“Достук” ордени

 

“Достук” ордени менен жактар:

– мамлекеттин жана коомдун алдында, Кыргыз Республикасынын эркиндиги, көз карандысыздыгы жана гүлдөп-өнүгүүсүнүн атынан жасалган эрдигине байланышкан өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн;

– элдердин ортосундагы достук, социалдык-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү ишиндеги жетишкендиктери, Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттер менен ар тараптуу кызматташуусун бекемдөөдөгү жетишкендиктери үчүн;

– эл аралык, коомдук, кайрымдуулук жана гуманитардык ишмердигиндеги жетишкендиктери үчүн;

– өлкөнүн руханий жана интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүүгө жана көбөйтүүгө болгон жеке салымы, адам укуктарын жана анын социалдык кызыкчылыктарын коргоо боюнча активдүү ишмердиги үчүн сыйланышат.

“Достук” ордени төштүн сол тарабында “Даңк” орденинен кийин тагылат.

“Достук” ордени күмүштөн жасалат жана дөмпөйтүлгөн чыгып турган шоола түрүндөгү алты бурчтуу жылдыз түрүндө болот. Жылдыз алтын менен капталган, шооланын карама-каршы жаткан учтарынын ортосундагы аралык 55 мм.

Ордендин ортоңку бөлүгүндө үч бурчтук формасындагы байыркы кыргыз тумары түрүндө каптама жайгашкан. Үч бурчтуктун жактары 38 мм. Четтери алтын менен капталган. Тумардын үстүңкү жагында элдердин ортосундагы кылымдык достукту билдирген “ажырагыстыктын” белгиси, ортосунда “Достук” деген жазуусу, төмөнкү жагында кыргыздын улуттук оюму жайгашкан. Тумардын бардык элементтери алтын менен капталган, көк эмаль менен жасалган көк фондо жайгашкан.

Жылдыздын алдыңкы бети улуттук оюм менен кооздолгон. Жылдыздын учтарынын ортосундагы аралыкта көк түстөгү цирконий таштары менен кооздолгон алты күмүш элемент чыгып турат. Арткы бетинин төмөнкү бөлүгүндө катар номери жайгашкан. Төөнөгүч түрүндө таккычы бар.