Суроо-Жооп

Июнь 27, 2023 - 16:40
Июнь 27, 2024 - 18:40
 86
Экинчи категориядагы ардак наамдар
10 / 15

10. Экинчи категориядагы ардак наамдар

Экинчи категориядагы ардак наамдар

 

 “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти” ардак наамы маданият жана искусство жаатында кеминде 15 жыл иштеген, ашкан көрүнүктүү чыгармаларды жараткан учурларды кошпогондо, театр, музыка, кино-, теле- жана цирк искусствосу жаатында жогорку көркөмдүктөгү образдарды, жалпы элдик таанылууга ээ болгон спектаклдерди, кинофильмдерди, телефильмдерди, музыкалык чыгармаларды жараткан мыкты кесипкөй артисттерге, дирижёрлорго, режиссёрлорго, операторлорго, сүрөтчү-коюучуларга, кийим боюнча сүрөтчүлөргө, үн операторлоруна, хормейстерлерге, балетмейстерлерге, музыкалык аткаруучуларга, концертмейстерлерге, элдик чыгармачылыктын чыгармаларын аткаруучуларга, музыкалык, хор, хореографиялык жана башка жамааттардын көркөм жетекчилерине ыйгарылат.

“Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” ардак наамы адистиги боюнча кеминде 15 жыл иштеген, ашкан көрүнүктүү чыгармаларды жараткан учурларды кошпогондо, маданият менен искусствону өнүктүрүүгө, чыгармачыл кадрларды даярдоого олуттуу салым кошкон, өз тармагына бюджеттен тышкаркы каражаттарды тартууда, рынок экономикасынын механизмдерин жайылтууда ири ийгиликтерге жана ата мекендик кадрларды кайра даярдоодо жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен мыкты кесипкөй режиссёрлорго, композиторлорго, дирижёрлорго, балетмейстерлерге, хормейстерлерге, концертмейстерлерге, дизайнерлерге, искусство таануучуларга, жазуучуларга, журналисттерге, сүрөтчүлөргө, декоративдик-колдонмо искусствосунун чеберлерине жана маданият жана искусство мекемелеринин башка кызматкерлерине ыйгарылат.

“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматына эмгек сиңирген кызматкер” ардак наамы мамлекеттик кызматта кеминде 15 жыл иштеген, мамлекеттик кызмат жаатында ири эмгек сиңиргени, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, мамлекеттик кызмат тутумун өркүндөтүүдө жана мамлекеттик органдын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууда олуттуу ийгиликтерге жетишкени үчүн мамлекеттик кызматчыларга ыйгарылат.

“Кыргыз Республикасынын дене тарбиясына жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер” ардак наамы дене тарбия жана спорт жаатында кеминде 15 жыл иштеген, дене тарбияны жана спортту өнүктүрүүгө, калктын дене тарбия системасын, массалык спортту, жогорку жетишкендиктердин спортун өркүндөтүүгө, кадрларды даярдоого жана квалификациясын жогорулатууга, дене тарбияны жана спортту өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүүгө ири эмгек сиңиргени үчүн, дене тарбияны жана спортту өнүктүрүүнү камсыз кылуучу уюштуруу-усулдук, окутуу-машыктыруу, тарбиялоо, инженердик-техникалык, илимий-педагогикалык жана чарбалык иштеги көрүнүктүү жетишкендиктери үчүн дене тарбия жана спорт мекемелеринин мыкты кесипкөй кызматкерлерине ыйгарылат.

Кыргыз Республикасынын ардак наамы менен сыйланган адамдарга Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан белгиленген үлгүдөгү төш белги тапшырылат.

Төш белги көкүрөктүн оң тарабына тагылат жана сыйланган адамдын биринчи категориядагы мамлекеттик сыйлыктардын катарына кирген ардак наамы болсо, анын белгисинен кийин тагылат.

Кыргыз Республикасынын экинчи категориядагы ардак наамдарына төш белгиси биринчи категориядагы ардак наамдарына төш белги менен бирдей, бирок калыптын төмөнкү бөлүгүндө рельефтүү кыргыз оюму жок.