Суроо-Жооп

Июнь 27, 2023 - 16:40
Июнь 27, 2024 - 18:40
 86
“Эрдик” медалы
9 / 15

9. “Эрдик” медалы

“Эрдик” медалы

 

“Эрдик” медалы менен жарандар адамдарды сактап калууда, коомдук тартипти коргоодо, кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө, бөөдө кырсыктардын, өрттүн, апааттын жана башка өзгөчө кырдаалдардын учурунда көрсөткөн каарман иш-аракети, эрдиги жана тайманбастыгы үчүн, ошондой эле өмүр үчүн тобокелдик менен коштолгон шартта аскердик, кызматтык жана граждандык парзын аткарууда жасаган каарман жана чечкиндүү иш-аракети үчүн сыйланат.

Аскердик, кызматтык же жарандык милдетин аткарууда баатырдык, каармандык, тайманбастык жана эрдик көрсөткөндүгү үчүн “Эрдик” медалы менен сыйлоо көзү өткөндөн кийин да жүргүзүлүшү мүмкүн. “Эрдик” медалы төштүн сол тарабында Кыргыз Республикасынын ордендеринен кийин тагылат.

Медаль эки бөлүктөн – тик бурчтуу калыптан жана диаметри 32 миллиметр болгон фигураланып кесилген күмүш айланадан турат, алар өз ара звенолор системасы менен бириккен. Айлананын ортосунда каармандыктын, чыдамкайлыктын жана кеменгерликтин символу катары ак илбирстин сүрөтү жайгаштырылган. Айлананын жээгинде Мамлекеттик туунун элементтери (күн нурлары) жайгаштырылган жана “Эрдик” деген сөз жазылган. Калыптын алдыңкы тарабында ысык эмаль ыкмасы менен иштелген үч тик тилке жайгашкан, алар ак мөңгүлүү Ала-Тоонун чокуларын, жашоонун символу катары сууну жана тынчтыктын символу катары көгүлтүр асманды чагылдырган ак жана көк түстөрдө жасалган. Калыптын арткы бетинде төөнөгүч түрүндөгү илгич бар, ал эми медалдын арткы бетинде номери чегип жазылган.