Суроо-Жооп

Июнь 27, 2023 - 16:40
Июнь 27, 2024 - 18:40
 86
I даражадагы “Манас” ордени
8 / 15

8. I даражадагы “Манас” ордени

I даражадагы “Манас” ордени

 

I даражадагы “Манас” ордени менен Кыргыз Республикасынын өркүндөп-өсүшүнө өбөлгө түзгөн, мамлекет жана эл алдында сиңирген эмгеги үчүн, мамлекетти жана демократиялык коомду, элдин биримдигин коргоого жана чыңдоого, өлкөнүн экономикалык, руханий жана интеллектуалдык дараметин арттырууга кошкон салымы үчүн жактар сыйланышат.

I даражадагы “Манас” ордени эки бөлүктөн – диаметри 60 миллиметр болгон сегиз шоолалуу алтын жылдыздан жана ортосундагы алтын каптамадан турат, алтын каптама жашоонун символу болгон булутсуз асманды жана сууну чагылдырган чырмалышкан кочкул көк түстөгү эки квадраттан жана күндүн символу болгон борбордогу кызыл айланадан турат. Айлананын ортосунда – туусу шамалга желбиреп ат чаап бараткан Манастын рельефтүү алтын сүрөтү түшүрүлгөн. Ордендердин арткы беттеринде номерлери чегип жазылган. Алар бурама менен бекитилет.