Суроо-Жооп

Июнь 27, 2023 - 16:40
Июнь 27, 2024 - 18:40
 85
“Курманжан Датка” ордени
5 / 15

5. “Курманжан Датка” ордени

“Курманжан Датка” ордени

 

“Курманжан Датка” ордени менен коомдук-саясий иште сиңирген эмгеги жана эмгектеги жетишкендиктери, мамлекетти коргоого жана чыңдоого, элдин биримдигине, өсүп келе жаткан муунду өз Мекенин сүйүү жана урматтоо духунда тарбиялоого кошкон салымы үчүн жактар сыйланышат. “Курманжан Датка” ордени төштүн сол тарабына, «Манас» орденинен кийин тагылат.

“Курманжан Датка” ордени туура жети бурчтуу күмүш пластинага түшүрүлгөн жети бурчтуу жылдыз. Жети бурчтуу жылдыз күмүштөн жасалат жана алтындын буусу менен капталып, жылдыздын учтарында алтын шариктер болот. Ордендин ортосунда улуттук оюму бар алкак менен жээктелген, сыртына капталган тегеректе, – түстүү эмалдан жасалган көгүлтүр асмандын фонунда Курманжан Датканын рельефтик сүрөтү бар. Курманжан Датканын силуэти сыртынан капталып, алтындан жасалат. Алкактын төмөн жагында “Курманжан Датка” деген жазуу бар. Улуттук оюм жана “Курманжан Датка” деген жазуу дөмпөйтүлүп, алтындын буусу менен капталат жана түстүү эмалдан жасалган кочкул-кызыл фондо жайгаштырылат. Улуттук оюм жана цирконий таштары менен кооздолгон жети бурчтуу күмүш пластина ордендин негизи болот. Пластинанын учтарынын ортосундагы аралыкта алтындын буусу менен капталган жети шоола чыгып турат. Алтындын буусу менен капталган жети бурчтуу жылдыздын диаметри 60 мм, сыртына капталган тегеректики 34 мм. “Курманжан Датка” орденинин арткы бетинин төмөнкү бөлүгүндө ордендин катар номери чегилет, төөнөгүч түрүндөгү таккычы бар.