Суроо-Жооп

Июнь 27, 2023 - 16:40
Июнь 27, 2024 - 18:40
 86
III даражадагы “Манас” ордени
6 / 15

6. III даражадагы “Манас” ордени

III даражадагы “Манас” ордени

 

III даражадагы “Манас” ордени менен Кыргыз Республикасынын өркүндөп-өсүшүнө өбөлгө түзгөн, мамлекет жана эл алдында сиңирген эмгеги үчүн, мамлекетти жана демократиялык коомду, элдин биримдигин коргоого жана чыңдоого, өлкөнүн экономикалык, руханий жана интеллектуалдык дараметин арттырууга кошкон салымы үчүн жактар сыйланышат.

III даражадагы “Манас” ордени айрым элементтерине алтын жалатылбастан күмүштөн жасалат. Көк жана кызыл түстөгү эмаль каптамалар калат.  Ордендердин арткы беттеринде номерлери чегип жазылган. Алар бурама менен бекитилет.