18-19-декабрь күндөрү Ташкент шаарында (Өзбекстан) медиа жана маалымат маселелери боюнча министрлердин жана жогорку кызмат адамдарынын 6-жыйыны жана Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) медиа жана маалымат маселелери боюнча жумушчу тобунун 11-жыйыны болуп өттү. Иш-чара Өзбекстан Республикасынын Президентинин Администрациясына караштуу Маалымат жана массалык коммуникациялар агенттиги жана
Түрк мамлекеттер уюмунун Катчылыгы тарабынан уюштурулган.
Учурда ТМУга беш мамлекет мүчө, алар: Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан, Түркия жана Өзбекстан. Ошондой эле Венгрия жана Түркмөнстан уюмда байкоочу статусуна ээ.
ТМУнун медиа жана маалымат маселелери боюнча жумушчу тобунун
11-кеңешмесинин алкагында, 18-декабрда 2024-2025-жылдарга карата Иш-аракеттер планына киргизүү үчүн сын-пикирлер жана сунуштар талкууланды. Ошондой эле ТМУга катышуучу өлкөлөрүнүн медиафоруму өтүп, анын жүрүшүндө эки пленардык отурум өткөрүлдү. “Маалыматтык чөйрөдө ТМУга катышуучу өлкөлөрдүн кызматташтыгынын учурдагы абалы жана келечеги" жана “Глобалдык маалыматтык доордо жалган маалымат жана фейк жаңылыктар менен күрөшүү” сыяктуу актуалдуу маселелер талкууланды.
Дезинформацияга каршы күрөштөгү жетишилген натыйжалар жана жетишкендиктер, болгон кемчиликтер, көйгөйлөр, натыйжалуу чечимдерди издөөдө кызматташтыкты кеңейтүү жөнүндө ТМУга катышкан өлкөлөрдүн делегаттары баяндамалар менен чыгып сүйлөштү. Пленардык сессиялардын темалары маалыматтык технологиялардын заманбап доорунда ТМУ катышуучу-өлкөлөрү туш болгон негизги көйгөйлөрдү чагылдыргандыктан тандалып алынган.
Ал эми 19-декабрда Түрк мамлекеттер уюмунун медиа жана маалымат суроолору боюнча Министрлеринин жана Жогорку даражалуу кызмат адамдарынын 6-жыйыны болуп өттү.
Аталган кеңешменин алкагында ТМУга мүчө өлкөлөрдүн маалыматтык өз ара аракеттешүүсү, кызматташтык, өз ара мамилелер маселелерин кеңейтүү жана уюмга мүчө мамлекеттердин потенциалын өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Ошондой эле, бул топтун ишинин негизги жыйынтыктарынын бири Ташкент Коммюникесин кабыл алуу жана ага кол коюу болгонун белгилей кетүү керек.
Кеңешменин жыйынтыгы боюнча ТМУга мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты мындан ары бекемдөө чечими кабыл алынып, өнүгүүнүн артыкчылыктуу багыттары аныкталып, ошондой эле Түрк мамлекеттер уюмунун медиа жана маалымат суроолору боюнча Министрлеринин 7-жыйыны, ошондой эле Түрк мамлекеттеринин уюмунун медиа жана маалымат боюнча жумушчу тобунун 12-жыйыны өтө турган орду жана күнү боюнча пикирлер айтылды.