Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында “Navruz World Youth Festival” бүткүл дүйнөлүк жаштар фестивалы болуп өттү

Март 22, 2025 - 16:15
Март 24, 2025 - 16:52
 9

2025-жылдын 16-21-март күндөрү Тажикстан Республикасынын Дүйшөмбү шаарында “Navruz World Youth Festival” Бүткүл дүйнөлүк жаштар фестивалы болуп өттү.

Фестиваль биздин өлкөлөр ортосундагы кызматташтыктын жаңы этабын өнүктүрүү үчүн аянтча болду.

Фестивалдын алкагында төмөнкү иш чаралар өттү:

• Дүйшөмбү шаарындагы Жеңиш паркына дарак отургузуу акциясы;
• Исмоили Сомони монументине гүл коюу;
• Глобалдык диалог: жаштар менен иштөөнүн мыкты тажрыйбалары темасындагы панелдик сессия.

Кыргыз Республикасынын делегациясы фестивалдын эң активдүү катышуучуларынын бири болду.

Ошондой эле, 19-мартта Тажикстан Республикасынын Худжанд шаарында “Navruz World Youth Festival” Бүткүл дүйнөлүк жаштар фестивалынын алкагында Тажикстан, Кыргызстан жана Өзбекстан жаштарынын “Туруктуу өнүгүү үчүн кызматташуу” форуму болуп өттү.

Форумдун максаты – региондор аралык кызматташтыкты чыңдоо, Борбор Азия өлкөлөрүнүн жаштарынын ортосундагы достук жана ишкердик байланыштарды өнүктүрүү, ошондой эле туруктуу өнүгүү, ишкердик жана маданият жаатындагы биргелешкен демилгелерди талкуулоо.

Форумдун алкагында катышуучулар төмөнкү панелдик сессияларга катышты:

• Тажикстан Республикасында, Кыргыз Республикасында жана Өзбекстан Республикасында жаштар ишкердигин өнүктүрүүнүн жолдору;
• Региондун экологиялык көйгөйлөрү: жаштардын көз карашы;
• Иштелип чыккан биргелешкен демилгелердин жана кызматташуунун жол картасынын презентациясы.

Форумдун жыйынтыгында “Navruz World Youth Festival” Бүткүл дүйнөлүк жаштар фестивалынын жаштарынын резолюциясына кабыл алынды.