Токон Эшпаев атындагы Кара – Суу райондук маданият үйү капиталдык оңдоп түзөөдөн кийин өз эшигин ачты

Март 4, 2024 - 17:43
Март 7, 2024 - 17:44
 0  24

Иш – чарага Кыргыз Республикасынын Маданият маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Айнура Аскарова, Кара- Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы- аким Темирболот Абыкеев, Токон Эшпаевдин жубайы Инабат Эшпаева, жакындары, атайын чакырылган расмий меймандар жана район активи катышты.
Алгач Токон Эшпаевдин маданият үйүнүн алдында тургузулган эстелиги ачылып, андан соң маданият үйүнүн капиталдык ремонттон кийинки абалы тааныштырылды.
Иш- чарага катышкан министрдин орун басары Айнура Аскарова район жетекчилигине ыраазычылык билдирип, Кара-Суу райондук маданият бөлүмүнө 1 млн сомго музыкалык жабдыктын сертификатын тапшырды.
Айнура Аскарова өз сөзүндө маданият тармагында барандуу орду бар Токон Эшпаевдин өмүрү жана чыгармачылыгына кенен токтолуп, анын ысымын алып жүргөн райондук маданият үйүнүн аймактагы маданият чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашырууда ролу чоң экенин белгилеп, өз ишинде эл арасынан чыккан таланттарды табуу, маданий-массалык иш-чараларды жигердүү уюштуруу, элди маданий жактан сапаттуу тейлөө негизги максат экенин айтып, эмгек жамаатка ийгиликтерди каалады.
Кара-Суу райондук маданият үйү 2021-жылдын ноябрынан тартып капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүрүп, республикалык бюжеттен 24 млн сом бөлүнгөн.
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин буйругу менен аталган райондук малданият үйүнө Кыргыз Республикасынын Эл артисти, белгилүү, таланттуу обончу жана аткаруучу Токон Эшпаевдин ысымы берилген.