Улуттук филармониянын эстрадалык-симфониялык оркестрине Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти Чоро Кожомжаровдун ысымы ыйгарылды

Март 5, 2024 - 17:40
Март 7, 2024 - 17:41
 0  21

Салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, маданият, искусство ардагерлери жана ишмерлери менен эл өкүлдөрү жана коомдук ишмерлер катышты.
Иш- чаранын жүрүшүндө Алтынбек Максутов сөз сүйлөп, Чоро Кожомжаровдун ысымы ыйгарылган эстрадалык-симфониялык оркестрине чыгармачылык ийгилик каалап, оркестрде эмгектенип жаткан артисттерине министрликтин ведомстволук сыйлыктарын тапшырды.
Андан соң, Чоро Кожомжаров менен замандаш, чыгармачылыктагы үзөнгүлөш муундун атынан, Кыргыз Республикасынын эл артисти, маэстро Сардарбек Жумалиев оркестрге чыгармачылык ийгиликтерди каалап, оркестрдин башкы дирижеру КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Нур Өмүрбаевге, эстафета катары дирижердук таякчаны тапшырды.
Андан соң , оркестр
«ФРУНЗЕ ОБОНДОРУ» аттуу чоң концерти тартуулап, анда кыргыз эстрадасынын ретро ырлары, дүйнөлүк жана кыргыз композиторлоруну чыгармалары аткарылды.