Улуттук филармонияда Кыргызстандын Жазуучулар союзунун 90 жылдыгы белгиленди

Ноябрь 21, 2024 - 15:30
Ноябрь 25, 2024 - 15:40
 26
Улуттук филармонияда Кыргызстандын Жазуучулар союзунун 90 жылдыгы белгиленди
Улуттук филармонияда Кыргызстандын Жазуучулар союзунун 90 жылдыгы белгиленди
Улуттук филармонияда Кыргызстандын Жазуучулар союзунун 90 жылдыгы белгиленди
Улуттук филармонияда Кыргызстандын Жазуучулар союзунун 90 жылдыгы белгиленди
Улуттук филармонияда Кыргызстандын Жазуучулар союзунун 90 жылдыгы белгиленди

Бүгүн, 20-ноябрда “Кыргызстандагы балдардын тарыхый жолу” көргөзмөсүн ачылышы өттү. Бул көргөзмө Кыргызстандын Баланын укуктары жөнүндө Конвенцияга кошулушунун 30 жылдыгына карата уюштурулду.
Иш-чарага Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы Винера Раимбачаева, Баланын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаева, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Самман Джунг Тапа жана атайын чакырылган коноктор катышты.
Баланын дүйнөлүк күнүндө ачылган көргөзмө Кыргызстандагы балалык концепциясы менен тааныштырат, мында үй-бүлөлүк чөйрөнү, билим берүүнү, балдардын ден соолугун жана бакубатчылыгын, ошондой эле балалык тууралуу маданий түшүнүктөрдү карайт. Көргөзмөгө 1994-жылдын 12-январында Кыргызстан Конвенцияны ратификациялаган тарыхый текстти кошкондо, жүз жылдыкты камтыган сүрөттөр жана видеолор, графикалык искусство жана парламенттин архивдик документтери коюлду.
Министр Алтынбек Максутов төмөндөгүлөрдү белгиледи: “Бул көргөзмөнүн ачылышы Кыргызстандагы балдардын ар тараптуу өнүгүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө болгон умтулуубузду чагылдырып турат. Биз маданий мурастарыбыз менен сыймыктанып, чыгармачылык жана билим берүү демилгелерин колдоо менен келечек муундар үчүн бекем пайдубал түптөп жатканыбызга ишенебиз. Бул көргөзмө ар бир адамды балдарга кам көрүп, алардын укуктарын колдоого шыктандырсын, себеби биздин өлкөнүн азыркысы жана келечеги балдардын колунда – Конституциябыздын 20-беренесине ылайык: “Балдар – Кыргыз Республикасынын эң баалуу байлыгы”.
“Балдарга арналган бул көргөзмө Кыргызстандагы балалык тарыхын баяндайт жана балдардын бай мурастарын, маданий тажрыйбаларын жана өзгөрүп жаткан ролдору менен укуктарын чагылдырып турат. Кыргыз элинин көчмөн салттарынан тартып, бүгүнкү күнгө чейин басып өткөн жолду чагылдырган бул көргөзмө балдарга убакыттын өтүшү менен кандай тарбия, билим жана укук берилгенин көрсөтүп, Конвенцияны Кыргызстанда ишке ашыруунун таасирин баса белгилейт”, — деди.
Мындан тышкары, бүгүн кечинде Баланын дүйнөлүк күнүнө карата Кыргызстандагы үч белгилүү имарат көк түс менен жарыктандырылат. Алар: Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз академиялык опера жана балет театры, Гапар Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук көркөм сүрөт музейи жана Улуттук тарых музейи.