XXXIII "Славян базары" искусство фестивалынын алкагында XXII "Витебск" Эл аралык балдар музыкалык сынагы өтөт

Февраль 13, 2024 - 13:57
 0  52
XXXIII "Славян базары" искусство фестивалынын алкагында XXII "Витебск" Эл аралык балдар музыкалык сынагы өтөт
Беллорусиянын Витебск шаарында жылда өтчү "Славян базары" ири искусство фестивалынын алкагында көптөгөн фестивалдык иш-чаралар жана концерттер өткөрүлөт. Анын алкагында "Витебск" Эл аралык балдар музыкалык сынагынын өз орду бар.
Жаш вокалисттер арасындагы XXII "Витебск - 2024" Эл аралык балдар музыкалык сынагынын Кыргызстандагы Улуттук тандоо турун «Арт Булак" коомдук фонду өткөрөт.
Улуттук тандоо туру эстрадалык ыр жанрындагы таланттуу жаш ырчыларды аныктайт. Жеңүүчүсү ушул жылдын июль айында, Витебскидеги “Славян базары" фестивалында, Кыргызстандын атынан катышканга жолдомо алат.
Улуттук тандоо туруна 8 жаштан 14 жашка чейинки курактагы, концерттик аткаруулар тажрыйбасы бар, эл аралык, республикалык же аймактык музыкалык сынактарда жана фестивалдарда ийгиликтерге жетишкен, Кыргыз Республикасынын жарандыгы бар, жаш аткаруучулар катыша алышат.
Сынактын катышуучусу эки ыр аткарышы шарт:
1. Кыргыз тилиндеги эстрадалык ыр.
2. Катышуучунун тандоосу боюнча, аткаруучулук чеберчиликти жана жөндөмдүүлүгүн көрсөтө алган, эстрадалык ыр (дүйнөлүк хит)
Катышуу үчүн алдын ала онлайн тандоодон өтүп, жандуу аткаруудагы сынактык ырлардын видеосун жөнөтүү керек. Видео 0 705 445 522 ватсапка же телеграммага жөнөтүлөт. Сынактын жобосун жана билдирме формасын байланыш телефондор аркылуу алууга болот. Алдын ала онлайн тандоо 5-мартка чейин жүргүзүлөт.
Онлайн тандоодон өткөндөр 10-мартка чейин Улуттук тандоо туруна билдирмесин тапшырып, уюштуруу акысын төлөшү керек.
Өтчү жери: К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын концерттик залы.
Өткөрүү күнү жана убактысы: 17-март, 2024-жыл, саат 12.00
Арыздар электрондук почтага жөнөтүлөт art_bulak@mail.ru
Байланыш телефондор: 0705 445 522, 0556 545 577.