Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын кызматкерлери аттестациядан өтүп жатат

Февраль 13, 2024 - 19:12
 0  54
Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын кызматкерлери аттестациядан өтүп жатат
Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын кызматкерлери аттестациядан өтүп жатат
Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын кызматкерлери аттестациядан өтүп жатат
Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын кызматкерлери аттестациядан өтүп жатат
Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын кызматкерлери аттестациядан өтүп жатат
Аттестациялоо кызматкерлердин кесиптик чеберчилигинин жана квалификациясынын өсүшүнө дем берүү, чыгармачылык жигердүүлүгүн жогорулатуу, алардын кесиптик даярдыгынын деңгээлин аныктоо жана ээлеген кызмат орундарына ылайык келүүсүн аныктоо максатында өтүүдө.
Өлкөдөгү эң ири жана профессионалдык багыттагы иш- алып барган мекеме экендигин эске алуу менен Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын кызматкерлерин аттестациялоого атайын эл аралык деңгээлдеги комиссия түзүлгөн.
Комиссиянын төрагасы Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Тимурлан Ажымалиев.
Комиссиянын курамына профессор, Кыргыз Республикасынын эл артисти, СССР Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Рейна Чокоева Кыргыз Республикасынын эл артисти Мелис Шаршенбаев, композитор, Кыргыз Республикасынын эл артисти, К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын ректору Муратбек Бегалиев, драматург, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Жаныш Кулмамбетов композитор, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Турдубек Чокиев Маринск театрынын солисти, вокал сабагынан репетитору, Россия Федерациясынын эл артисти Кондина Ольга Дмитриевна, Мариинск театрынын мугалим-репетитору, Россия Федерациясынын эмгек сиңирген артисти Баранов Виктор Михайлович, Кыргыз Республикасынын эл артисти, Кыргыз улуттук консерваториясынын "Жеке ырдоо" кафедрасынын доценти Сайра Чоткараева, Кыргыз Республикасынын эл артисти, "Жеке ырдоо" кафедрасынын улук окутуучусу Эльвира Асанкулова, эл аралык сынактардын лауреаты, "Фортепиано" кафедрасынын доцентинин милдетин аткаруучу, проректор Сапарбек Аманбаев, Ч. Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайынын мугалимдери, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Азиза Минжилкиева, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Аида Ахмадалиева жана Анара Рыскулова, ошондой эле Маданият министрлигинин тиешелүү адистери да кошулган.
Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-апрелиндеги№141 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын ишканаларынын, мекемелеринин жана уюмдарынын кызматкерлерин аттестациялоодон өткөрүү тартиби жөнүндө” типтүү жобого ылайык, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин системасындагы билим берүү, театр-оюн-зоок мекемелеринин, клуб, музей, китепкана, маданият үйлөрүнүн кызматкерлерин аттестациялоодон өткөрүү максатында 2022-жылдын 21-октябрында “Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин системасынын кызматкерлерин аттестациялоонун тартиби жөнүндө» жобо бекитилген. Министрликтин 2022-жылдын 14-ноябрындагы №629 буйругу менен “Аттестациялоо өткөрүү жөнүндө” буйругу чыгарылган.
Министрликтин системасындагы билим берүү, театр-оюн-зоок мекемелеринин, клуб, музей, китепкана, маданият үйлөрүнүн кызматкерлерин аттестациялоодон өткөрүүчү комиссиянын курамы жана аттестациялоонун графиги бекитилип, 2022-жылдын декабрь айынан тарта (өлкө боюнча) аттестациялоодон өтүп келе жатышат.
Аттестациялоодон өткөрүү жол жоболору толук сакталган. Тактап айтканда, алдын ала тааныштыруу, аттестациялоо үчүн зарыл болгон документтерди даярдоо жана аттестациялоого байланышкан маселелер боюнча уюштуруу-методикалык жардамдарды өз убагында жана сапаттуу көрсөтүү, аттестацияланууга тийиш болгон кызматкерлердин тизмесин түзүү, аларды аттестациялоо графиги менен тааныштыруу ж.б.