#СанарипМузей

Февраль 14, 2024 - 18:48
 0  57
#СанарипМузей
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымт, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Кыргыз Республикасынын Музей фондунун мамлекеттик электрондук каталогун түзүү максатында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик музейлеринин музей буюмдарын жана коллекцияларын, тарыхый булактарын жана баалуулуктарын эсепке алуунун автоматташтырылган системасын иштеп чыгууда.
Анда музей буюмдарын кабыл алуу жана эсепке алуу, музейде предметтин орун которууларын документ түрүндө тариздөө, инвентардык жана келип түшкөн китептерде музей буюмдарын каттоо, инвентардык карточкаларды басып чыгаруу, реставрациялык иштердин эсебин алуу, иш-чараларды жана көргөзмөлөрдү пландаштыруу, ар кандай критерийлер боюнча буюмдарды издөө, маалыматтар базасы боюнча толук тексттик издөө жана отчеттуулукту жүргүзүү мүмкүнчүлүктөрү бар.
Учурда Г.Айтиев атындагы кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейи, “Сулайман-Тоо” улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси, М.В. Фрунзе мемориалдык үй-музейи жана Т.Садыков атындагы Ош облустук көркөм сүрөт музейи тиешелүү иштерди алып барып жатат.
Аталган система 2024-жылдын 1-апрелине чейин тесттик режимде иштейт.
Аталган мамлекетик катологду түзүү жана иштеп чыгуу үчүн бюджеттен акча каражат каралган.