Бильярд боюнча республикалык чемпионат башталды

Февраль 12, 2024 - 17:23
 0  20
Бильярд боюнча республикалык чемпионат башталды
Бильярд боюнча республикалык чемпионат башталды
Бильярд боюнча республикалык чемпионат башталды
Бильярд боюнча республикалык чемпионат башталды
Бильярд боюнча республикалык чемпионат башталды
Бильярд боюнча республикалык чемпионат башталды
Бүгүн, 12-февралда Бишкек шаарында бильярддын “Аралаш пирамида” түрү боюнча республикалык чемпионаты старт алды.
Ачылышка Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Улан Шаяхматов жана Бильярд федерациясынын вице-президенти Каныбек Сагынбаев жана спорт чеберлери жана оюнчулар катышты.
Алтынбек Максутов чемпионатты ачып жатып, бильярд оюну нагыз күчтүүлөрдүн оюну экендигин, физикалык даярдыктан тышкары моралдык туруктуулукту жана жогорку маданиятты талап кыла турганын белгилеп, катышуучуларга ийгилик каалады.
Министр өз сөзундө убагындагы бильярд сүйүүчүлөр бүгүнкү күндө устаттык даражага жетип, КМШ өлкөлөрүндөгү турнирлерге катышып, өлкөнүн атын кыйырга чейин таанытып, байгелерди багынтып жүрүшкөн Каныбек Сагынбаев, Арсен Калыбек уулу, Азиз Мадаминов, Дастан Лепшаков, Ызат Ратбеков ж.б. белгилүү бильярдчылар менен өлкө сыймыктанарын айтты.
Ошондой эле ал мамлекет бардык тармактардын өнүгүп өсүшүнө кызыктар болуп колдоо көрсөтүп жатканын, анын ичинде бул тармак дагы бар экенин белгилеп, мисал катары, 2023- жылы дүйнөлүк стандарттарга жооп берген 12 бильярд столдорунун толук топтому сатылып алынгандыгын, алар алдыда өтө турган Бильярд боюнча дүйнө чемпионатына колдонула турганына токтолуп, мындан ары колдоолор үзгүлтүксүз улана тургандыгын кошумчалады.
Эске салсак, республикалык чемпионат 14- февралга чейин уланат. Мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген 108 спортчу катышууда.
Мелдештин жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөр 21-26-февраль күндөрү “Газпром балдарга ден-соолукту чыңдоо борборунда” өтө турган Дүйнө чемпионатына катышууга жолдомо алат жана “Спорт чебери” наамы ыйгарылат.