Классикалык вокал жана фортепиано концерти өтөт

Февраль 9, 2024 - 23:01
 0  24
Классикалык вокал жана фортепиано концерти  өтөт
12-февраль күнү Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин алдындагы маданий өкүлчүлүк тарабынан Маданият жаатындагы кызматташтыктын алкагында Бишкекте Иран музыканттарынын аткаруусунда классикалык вокал жана фортепиано концерти өтөт.
Программага КМШ өлкөлөрүнүн ар кыл фестивалдарында концерт берип келген Ирандык белгилүү музыканттар Али Давуди (вокал) жана Гүлнаре Асадинин (фортепиано) мыкты ырлары жана обондору кирди. Жубайлар репертуарынан перс, орус жана башка тилдердеги тандалган чыгармаларды жергиликтүү көрүүчүлөргө тартуулашат.
Концерт дүйшөмбү күнү, 12-февралда саат 18:30да А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын малахит залында өтөт. Кирүү акысыз.